Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы ишин баштады

Jogorku Kenesh, parliament, building

17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы ишин баштады. Алгачкы жыйынды жаңы шайланып келген депутаттардын эң улуусу, 69 жаштагы Гүлай Машрапова алып барып жатат. Мыйзам боюнча парламенттин жаңы төрагасы шайланганга чейин депутаттардын жашы улуусу жыйынга төрагалык кылат.

8-чакырылыштын алгачкы жыйынына президент Садыр Жапаров да катышып жатат. Отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров сөз сүйлөп, шайланып келген 87 депутатка мандатын тапшырат.

Боршайком көп мандаттуу 29 округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп тапкан. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча айрым округдарга байланыштуу талаш-тартыш уланууда.

Айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы тапкан.

Башта бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошованын добушу мандат алууга жетпей калды. Ал Боршайкомдун чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылып, арызы четке кагылды. Ал өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.

№9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш уланууда. №9 округда гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган.

№26 округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районундагы бул окуяда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, бул маселе каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган. Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

Дагы караңыз

Өзбекстанда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгон жаран төрт жылга кесилди“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу үчүн насыялык макулдашууга кол коюлдуШайлоо: Жогорку сот Элдар Абакировдун арызын карайтОрусия: Мектептеги кол салуудан тажик мигранттын баласы каза тапканы кабарланды