Орусияда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровго, Шавкат Мирзиёевге жана Эмомали Рахмонго Лев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Иш-чара 21-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өттү.
"Үч өлкөнүн лидерлери Борбор Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон зор жеке салымдары үчүн эл аралык сыйлыкка татышты. Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёевдин биргелешкен аракеттери стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого, бүткүл чөлкөмдүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга багытталган. Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул сыйлык Борбор Азияда тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөөгө жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон биргелешкен салымды таануу экенине токтолду",-деп жазылган президенттин администрациясы тараткан маалыматта.
Сыйлык тапшыруу иш-чарасына үч өлкөнүн президенттери менен кошо Орусиянын башчысы да катышты.
Аталган сыйлыкты 2022-жылы Орусиянын тарыхчылар коомчулугу, Орусиянын тынчтык фонду жана Аскердик-тарыхый коомчулугу негиздеген жана биринчи сыйлык Африка биримдигине ыйгарылган.
Быйыл март айында Тажикстандын Кожент шаарында Жапаров, Мирзиёев жана Рахмон үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол койгон. Үч мамлекеттин аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.