Москва шаарында машинадагы жардырууда Башкы штабдын ыкчам даярдык башкармалыгын жетектеген генерал Фанил Сарваров мерт болду. Орусиянын Тергөө кызматы окуя 22-декабрда эртең менен болгонун, "киши өлтүрүү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
"22-декабрда эртең менен Ясеневая көчөсүндө машинанын алдына коюлган зат жардырылган. Алган жараатынын улам Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам даярдык башкармалыгынын жетекчиси генерал-лейтенант Фанил Сарваров набыт болду. Тергөө адам өлтүрүүнүн ар кандай жоромолдорун карап жатат. Алардын бири украиналык атайын кызмат уюштурган кылмышка байланыштуу" -деп жазылган маалыматта.
Расмий Киев орус генералынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу кандайдыр бир комментарий бере элек.
Орусиялык Shot жана Baza Телеграм-каналдары жардыруудан үйдүн жанында токтоп турган Kia Sorento үлгүсүндөгү машина жабыркаганын жазышкан. РБК басылмасы анын ичиндеги 56 жаштагы киши кыпчылып калганын, оор абалда ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Ушул жылдын апрель айында Москвада Башкы штабдын оперативдик башкармалыгынын башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Ярослав Москалик дагы машинадагы жардыруудан мерт болгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү кармалган. Федералдык коопсуздук кызматы Украинанын атайын кызматынын өкүлдөрү ага жашыруун жерде жардыруучу заттарды даярдап бергенин билдирген.
Былтыр декабрда Москвадагы Рязань проспектисиндеги машинадагы жардыруудан Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы набыт болгон.
Тергөөнүн версиясына ылайык, жардыруу артында Украинанын атайын кызматтары турганы айтылган. Анын алдында 16-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Кирилловду сыртынан шектүү деп жарыялаган. Мекеменин маалыматында ал украиналык аскерлерге каршы химиялык куралдын колдонулушу үчүн жоопкер экени жазылган.