Трамп январдан тарта 29 жогорку дипломатты чакыртып алууда

АКШнын администрациясы эмки жылдын январынан тарта 29 дипломатты, арасында элчилер менен чет өлкөлөрдөгү миссиялардын жогорку кызматкерлерин чакыртып алууда. Бул тууралуу Associated Press жана The Guardian жазышты.

Мамлекеттик департаменттеги булактардын айтымында, өткөн жумада дээрлик 29 өлкөдөгү дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүнө алардын кызматтык мөөнөтү январда аягына чыгары кабарланды.

Алардын арасында Африка, Азия-Тынч океан, Европадагы элчиликтер бар. Артка чакыртылып жаткан элчилер мурдагы президент Жо Байдендин тушунда дайындалган болчу. Associated Press белгилегендей, алардын ордуна президент Дональд Трамптын приоритеттерин бөлүшкөн адамдар жөнөтүлмөкчү.

Politico басылмасы дипломаттарды алмаштыруу тууралуу 19-декабарда жазып, бул кадамды “адаттан тыш” деп сыпаттады. Эмне дегенде элчилерди алмаштыруу табигый тажрыйба болгону менен дасыккан дипломаттарга ишин улантууга мүмкүнчүлүк берилет, алар Ак үйдүн саясатына ылайык кызматын өтөйт.

Мамлекеттик департамент кадрдык өзгөрүүлөргө туш болгон дипломаттар ишинен айрылбайт, Вашингтонго кайтып келип, башка жумуш аткарат деп билдирди.

Дагы караңыз

Москвада орус армиясынын генералы Фанил Сарваров жардыруудан каза болдуЧүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды Кобилжондун өлүмү: Германияда орус консулдугу алдында тажик оппозициясынын акциясы өттү