"Аватардын" үчүнчү бөлүгү үч күндө дээрлик 345 миллион доллар чогултту

Жэймс Камерондун “Аватар” тасмасынын үчүнчү бөлүгүнүн прокаты 19-21-декабрь күндөрү дүйнө жүзү боюнча дээрлик 345 миллион доллар чогултту. Бул тууралуу жекшембиде Уолт Дисней компаниясы билдирди.

Блокбастердин “Жалын жана күл” деп аталган бөлүгүнүн бюджети 350 миллион долларды түзгөн.

Буга чейинки серияларынын ар биринен жалпысынан 2 миллиарддан көп акча түшкөн.

Фильм Пандорадагы Жейк Саллинин үй-бүлөсү тууралуу баянды улантат. Бою дээрлик 3 метрлик көк түстүү адамдарга өз планетасын коргоого туура келет. Бул жолу анын чордонунда кенже баласы Лоактын таржымалы болот.

Дисней “Аватардын” прокатына укукту 2019-жылы алган.

Дагы караңыз

Москвада орус армиясынын генералы Фанил Сарваров жардыруудан каза болдуЧүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды Кобилжондун өлүмү: Германияда орус консулдугу алдында тажик оппозициясынын акциясы өттү