Украин парламентинде согуш абалында шайлоо өткөрүү ыктымалдыгын карай турган жумуш тобу түзүлдү

Украинанын парламенти – Жогорку Радада согуш абалында президенттик шайлоо өткөрүү ыктымалдыгын карай турган жумуш тобу түзүлдү. Бул тууралуу «Эл кызматчысы» фракциясынын башчысы Давид Арахамия билдирди.

Анын айтымында, маселе Раданын профилдик комитетинин, бардык фракциялардын жана топтордун, Борбордук шайлоо комиссиясынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланмакчы.

Өткөн аптада парламенттин вице-спикери, «Эл кызматчысы» партиясынын төрагасы Александр Корниенко андай топ түзүү демилгесин Арахамия көтөргөнүн айткан.

"РБК-Украина" бийликтеги булактарына таянып, бул демилгенин «шайлоо өткөрүү планына байланышы жоктугун, Дональд Трамптын Украинада көптөн бери шайлоо болгон эмес деген сөзүнө реакция экенин» жазган.

«Добуш берүү өткөрүү үчүн кеминде согуш басаңдоого тийиш, демек, Кремлден ок атууну жана бомбалоону токтотууну талап кылгыла, ошондо шайлоо болот», - деп улантат "РБК-Украина".

Буга чейин украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский президенттик шайлоо өткөрүүгө даярдыгын айтып, бул үчүн парламенттен мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүү киргизүүнү суранарын айткан.

АКШнын президенти Politico басылмасына берген интервьюда Украинада президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

“Аларда көптөн бери шайлоо өтө элек. Демократия жөнүндө айтып жатышат, бирок азыр демократия болбой турган жагдайга баратат”, -деп белгилеген Трамп.

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү өткөн жылы аяктаган. Бирок согуш абалы жарыяланган өлкөдө мыйзам шайлоо өткөрүүгө жол бербейт. Жаңы шайлоо өткөнгө чейин ал кызматында кала берет.

Украин президентинин “легитимсиздиги" тууралуу тезисти Кремл активдүү сүрөөнгө алып келет.

Дагы караңыз

Москвада орус армиясынын генералы Фанил Сарваров жардыруудан каза болдуЧүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды Кыргыз, өзбек жана тажик президенттерине Орусияда тынчтык сыйлыгы тапшырылды