Тергөө абагы: Басмырлоого кабылган, медициналык кароого муктаж аялдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту жабык жайлардагы аялдардын укугу тебеленип, басым-кысымга кабылганын билдирди. Аталган орган мындай баяндаманы акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкектеги №1 тергөө абагына барган соң таратты. Анда тергөө абагында кармалган аялдарга катаал мамиле тууралуу даттануулар көбөйгөндүгү айтылат. Жабык жайлардагы даттануулар көбүнчө көмүскөдө каларын укук коргоочулар айтып келишет. Жаза аткаруу мекемеси болсо басым-кысымга кабылган жагдайлар жок экенин айтууда.