"Президенттер маселени чечти деп кубандык эле". Мигранттар "кара тизменин" каарын тартууда
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жаңы жылдан кийин Орусиянын "көзөмөл реестринен" чыга албай калган мигранттар депортацияланышы мүмкүн. Мигранттар орус полициясынан эскертүү алганын айтууда. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында 2025-жылдын сентябрына карай “Орусиянын көзөмөл реестрине” 128 миң 497 кыргызстандык мигрант илинген. Алардын 30 миңи балдар. Мигранттар кыргыз бийлигин маселеге көңүл буруп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн өтүнүүдө.