Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун маалыматында айтылат.
Жыл башынан бери кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктери 17 167 жаранды жумушка орноштурган. Алардын 6 597си аялдар.
Быйылкы жылы сыртка миграцияга кеткендердин көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен. Ал эми Орусияны болгону 1 463 адам тандаган.
Ошондой эле Азия өлкөлөрүн, круиздик лайнерлерди, араб өлкөлөрүндө иштөөнү каалагандардын да саны өскөнү айтылды.
Уруксат берүүдөн республикалык бюджетке 572 миң сом киреше түшкөн. Ошондой эле борбор иш берүүчүлөрдүн же ортомчулардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу 20 жаранга жалпы суммасы 1 млн 130 миң сомду түзгөн каражатты жөнөтүүчүлөрдөн кайтарып алууга көмөк көрсөткөн. Мындай аракеттер чет өлкөгө жумушка орноштуруу процессин иретке келтирүүгө, мигранттардын укуктарын коргоого жана чет жерде ишке орноштуруу менен алектенген жеке агенттиктердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы белгиленди.
Соңку жылдары Орусия Борбор Азиядан иш издеп барган мигранттарга талаптарын катаалдатууда. Мындан улам миграцияга кетүүнүн башка багыттарын издөө күч алганы байкалат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башында чет жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктар 608 миң деп эсептелген. (KS)