Кыргызстанда бүгүнкү күндө 23 миң медицина кызматкери (дарыгер, медайым, санитар) жетишсиз болууда. Бул тууралуу 23-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңеште билдирди.
Ал парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында президент демилгелеген "Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын талкуулоого катышты.
Досмамбетовдун айтымында, бош орундардын 6,5 миңи дарыгерлик кызмат.
Мыйзам долбоору Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына "Улуттук" статусун берүүнү көздөйт. Бул статус аталган мекемеге көзөмөлдөөчү окуу жай болууга шарт түзөт. Мыйзам кабыл алынса кеминде 23 медициналык окуу жай аккредитациядан өтүүгө тийиш болот, талаптарга жооп бербегени жабылат. Өткөн окуу жайларга медакадемия франшиза берип, алардын ишмердүүлүгүн жеке көзөмөлүнө алат.
Буга чейин аккредитациядан өтүүнү мурдагы Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп турган.
Досмамбетов бул иштер медицинаны жакшыртууга багытталарын, кесипкөй адистерге шарт түзүп берүү үчүн аткарылып жатканын айтты.
Азыркы күнгө карата, расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 6,5 миң дарыгер, 8,5 миң медайым, 3,5 миң санитардык кызматкер жана 2 миң техникалык тейлөөчү адис жетишпейт.
Жогорку квалификациядагы дарыгерлердин жетишсиздиги аймактарда курч. Өткөн жылдары айлыктын аздыгынан улам бир эле ооруканадан 5 дарыгер бир учурда жумуштан кеткен учурлар да катталган. Медицина кызматкерлери жеке клиникаларга же чет өлкөлөргө иштөөгө кетип калып жатканы азыр бул тармактагы негизги көйгөй. (KS)