Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында депутат Эдита Тайгараева майыптыгы барларга психологиялык жардам берүү маселесин козгоду.
Ал аутизм, балдардын шал оорусу менен төрөлгөн ымыркайлардын саны өсүп баратканын, ата-энелер, өзгөчө мындай жагдайга туш болгон айыл жашоочулары кыйынчылык тартып жатканын айтты. Көпчүлүк учурда ата-энелер баласынын диагнозун кабыл албай кыйналарын белгиледи.
Тайгараева ошондой эле айылдардагы ФАПтардын имараттарында укалоочу бөлмөлөрдү ачып, кошумча штаттык бирдик кошуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов аутизм өңдүү оорулар эрте перинаталдык скринингдин жетишсиздигинен жана аткарылып жаткан иштердин аздыгынан улам болуп жатканын айтты. Досмамбетов Тайгараеванын сунушуна жооп берип жатып, психологдорду аймактарда иштетүүгө болорун, бирок ага чейин жер-жерлердеги медицинаны жакшыртуу керектигин белгиледи. Министр ФАПтарда укалоочу бөлмөлөрдү ачууга айлыктын аздыгы тоскоол болуп жатканын, ошондой эле кадр жетишсиз экенин айтты.
Мунун алдында парламенттин жалпы жыйынында депутат Гүлнара Баатырова Кыргызстанда майыптыгы бар балдарды жана чоң адамдарды реабилитациялоо борборлору жокко эсе экенин белгилеген. Өкмөт башчы Касымалиев Ош жана Каракол шаарларында калыбына келтирүү борборлору куруларын, демөөрчүлөрдү да издөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Азыр Бишкекте гана "Келечек" мамлекеттик реабилитациялык борбору иштейт. Ал эми шал оорулуу балдар Ак-Суу реабилитациялоо борборунда дарыланып келет.
Өлкө боюнча бүгүнкү күндө 221 миң майыптыгы бар адам каттоого алынган, алардын 37 миңи жашы жете элек балдар.
Өзгөчө балдардын ата-энелери реабилитациялык борборлордон сырткары мындай балдарга орто билим берүү мекемелери тартыш болуп жатканын да айтып келишет. Алардын көбү балдарын менчик бала бакча, мектеп жана жеке реабилитациялоо борборлоруна алып барууга аргасыз. (KS)
Шерине