Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты

Кылмышка шектүү деп кармалган жаран (милиция тараткан сүрөт)

Күйөөсүн огунан мерт болгон, Бишкектеги окуу жайлардин биринде окутуучу болуп иштеген келиндин студенттери ага торт менен гүлдү туулган күнү менен куттуктап алар бергенин айтып чыгышты.

Алардын бири "Азатттык" менен электрондук кат аркылуу байланышып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиевдин сөздөрүн жокко чыгарды. Анда сабак берген эжесине торт менен гүлдү алар 19:20да тапшырып тарап кетишкенин, аны далилдеген видео менен сүрөттөр бар экенин билдирди.

Мунун алдында Бишкек милициясынын башчысы айрым жергиликтүү басылмаларга келиндин өлүрүлүшү тууралуу маалымат берген. Аны атууга шек саналып жаткан күйөөсү жарашканы келгенин, аялын куттуктап атайын торт менен гүл сатып алганын, экөө бир машинада чогуу келип, үйгө чогуу киргенин айтып, кандуу окуяга ичимдик гана себеп болгонун билдирген. Келинди күйөөсү жумушуна барып машинага күчтөп салып кеткен деген маалыматты жокко чыгарган.

Токтоналиевдин билдирүүсү социалдык тармактарда нааразылык жараткан жана "кылмышкерди актап жатат" дегендей мазмундагы пикирлер айтылган.

Бишкек милиция башчысы мындай дооматтарга комментарий бере элек.

Кандуу окуя 23-декабрда кечинде Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде болгон. Күйөөсү аялын тапанча менен атып салгандан кийин жабырлануучу алган жараатынан ошол жерден мерт болгон.

Ошол күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон. Маркум келиндин жакындарынын билдиришинче, ал сотто жарашпай турганын, ал эми күйөөсү чогуу жашагысы келерин айткан. Маркум келин ошол күнү 47ге чыкан.

Милицияга келиндин жакындары кайрылган жана кылмышка шектүү ошол батирде кармалган.

Мурдагы милиция кызматкери, кылмышка шектүүнүн жакындарынын билдиришинче, маркум келин анын экинчи никеси болгон жана ортосунда үч бала бар. Жарандык никелерин кошкондо шектүү төрт ирет аял алган.

Бул окуяга байланыштуу Биишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, анын бөгөт чарасы сотто каралат.

Дагы караңыз

Түркияда учак кыйрап, Ливиянын армиясынын Башкы штабынын жетекчиси мерт болду Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй качып жүргөн жаран кармалдыАлагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти Жөлөк пул берүү жобосун, көлөмүн кайра карап чыгуу сунушталуудаБаткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү