Ташиев күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин өлүмүн ар кайсы жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскертти

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күйөөсүнүн огунан мерт болгон келинге байланыштуу комментарий берди. Ал адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскертти. Ташиев мамлекет аялдарды жана балдарда өзгөчө коргоого милдеттүү экенин белгиледи.

"Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган бир дагы сөз орунсуз. Аялга, өзгөчө - энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул - киши өлтүрүү. Мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү жана коргойт. Аялга кол көтөргөн, ал тургай курал кезеген ар бир адам, жаза катаал жана кутулгус болорун билиши керек. Мындай учурларда мыйзам эч качан жеңилдик бербейт. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Бул отчёт үчүн эмес, адилеттүүлүк жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн жасалган принципиалдуу позиция. Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин белгилейм", - деген Ташиев.

Мунун алдында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев келиндин өлүрүлүшү тууралуу маалымат берген. Аны атууга шек саналып жаткан күйөөсү жарашканы келгенин, аялын куттуктап атайын торт менен гүл сатып алганын, экөө бир машинада чогуу келип, үйгө чогуу киргенин айтып, үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик гана себеп болгонун билдирген. Келинди күйөөсү жумушуна барып машинага күчтөп салып кеткен деген маалыматты жокко чыгарган.

Токтоналиевдин билдирүүсү социалдык тармактарда нааразылык жараткан жана "кылмышкерди актап жатат" дегендей мазмундагы пикирлер айтылган.

Күйөөсүнүн огунан мерт болгон, Бишкектеги окуу жайлардин биринде окутуучу болуп иштеген келиндин студенттери ага торт менен гүлдү туулган күнү менен куттуктап өздөрү бергенин айтып чыгышкан.

Алардын бири "Азатттык" менен электрондук кат аркылуу байланышып, Токтоналиевдин сөздөрүн жокко чыгарган жана сабак берген эжесине торт менен гүлдү алар 19:20да тапшырып тарап кетишкенин, аны далилдеген видео менен сүрөттөр бар экенин билдирген.

Кандуу окуя 23-декабрда кечинде Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде болгон. Күйөөсү аялын тапанча менен атып салгандан кийин жабырлануучу алган жараатынан ошол жерден мерт болгон.

Ошол күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон. Маркум келиндин жакындарынын билдиришинче, ал сотто жарашпай турганын, ал эми күйөөсү чогуу жашагысы келерин айткан. Маркум келин ошол күнү 47ге чыкан.

Милицияга келиндин жакындары кайрылган жана кылмышка шектүү ошол батирде кармалган.

Мурдагы милиция кызматкери, кылмышка шектүүнүн жакындарынын билдиришинче, маркум келин анын экинчи никеси болгон жана ортосунда үч бала бар. Жарандык никелерин кошкондо шектүү төрт ирет аял алган.

Бул окуяга байланыштуу Биишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, анын бөгөт чарасы сотто каралат.

Дагы караңыз

Туманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй качып жүргөн жаран кармалдыАлагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды Жөлөк пул берүү жобосун, көлөмүн кайра карап чыгуу сунушталуудаБаткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды