РЕН ТВнын негиздөөчүсү Ирена Лесневская дүйнөдөн кайтты

Ирена Лесневская.

РЕН ТВ телеканалынын негиздөөчүсү Ирена Лесневская 83 жашында көз жумду. Бул тууралуу теле алып баруучу Марианна Максимовская билдирди.

1991-жылы Ирена Лесневская уулу Дмитрий менен РЕН ТВ телекомпаниясын негиздеген. 1997-жылы ал ошол эле аталыштагы телеканалды түзүп, аны 2005-жылга чейин башкарып келген.

Телеканалдан кеткенден кийин Лесневская "Новая время" журналын сатып алып, кийинчерек анын аталышын The New Times деп өзгөрткөн. 2013-жылы ушул эле журналды анын башкы редактору Евгений Альбацка саткан.

Лесневская 1990-2000-жылдары Орусияда көз карандысыз медианын түптөлүшүнө салым кошкондордун бири. (KS)

Дагы караңыз

Президент Жапаров мугалимдерин, дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди Курултайдын биринчи күнүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгат Bloomberg: Орусия тынчтык планына өзгөртүү киргизүүгө аракеттенет