Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шек саналып камалды

УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып камалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал атайын кызматта тааныштары бар экенин айтып, ар кандай текшерүүдөн коргоону убада кылып бир компаниянын жетекчисинен жалпысынан 390 миң доллар алган.

Жунусалиевге Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, өзү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Рамис Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2023-жылы октябрда шайланган.

Анын жактоочусу жана жакындары азырынча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Президент Жапаров мугалимдерин, дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди Курултайдын биринчи күнүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгат Ташиев күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин өлүмүн ар кайсы жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерттиТуманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй качып жүргөн жаран кармалдыАлагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды Жөлөк пул берүү жобосун, көлөмүн кайра карап чыгуу сунушталуудаБаткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү