КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов үй камагына чыгарылды

Амир Касенов 23-декабрда камалган.

Казакстандын КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган агенттик 25-декабрда кабарлады жана Касенов тергөө жүрүп жаткан маалда үй камагында болорун билдирди.

Касеновдун бөгөт чарасы каралган сот жараянына өз эрки менен беш адвокат катышкан.

Ал 23-декабрда кечинде Астана шаарында полицияга чакырылгандан кийин камалган. Маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаев муну "укуктук чектен чыккандык" деп атаган жана буга байланыштуу Freedom finance компаниясын, анын жетекчиси Тимур Турловду айыптаган.

Мунун алдында Freedom finance компаниясынын арызынын негизинде Касенов менен Матаевге "жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ага чейин сайтка аталган компаниядагы көз боемочулук схемалар тууралуу материал жарыяланган жана анда жетекчилеринин аты аталган.

Тимур Турлов Орусияда туулган, кийин казак жарандыгын алган ишкер.

Жазында бир катар казакстандык жарандар Freedom finance компаниясынын кызматкерлеринин айынан жабыркап, чыгымга учурашканын айтып чыгышкан. КазТаг буга байланыштуу материал даярдаган жана бир катар кайрылууларга карабай бул компания жооп бербегенин билдирген.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Баетов–Кош-Дөбө жолунун көйгөйүн көтөргөн делегатка төрт-беш жыл чыдоо керектигин айтты Казакстанда бир жылда Украинадагы согушка катышкандарга 700 кылмыш иши козголду Курултайда четте жүргөн мигранттардын шайлоого катышуу укугу чектелгени айтылды Трамп Нигерияда америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганын билдирди Оренбургда жол кырсыгынан үч кыргыз жараны, анын ичинде эки жашар бала мерт болдуNew York Times: Орусия Украина менен АКШ даярдаган тынчтык планын четке кагышы толук мүмкүнКурултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды