Орусиянын Оренбург облусунда жол кырсыгынан Кыргызстандын үч жараны, алардын арасында эки жашар бала мерт болду, дагы эки кыргызстандык жараат алды.
Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, М-5 "Урал" трассасында үч машина кагылышкан. Аварияда жалпы беш адам жараат алганы, алардын бири жаш бала экени кабарланды.
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул маалыматты ырастады. Анда 1977-жылы туулган Ж.Ж.М., 1997-жылы туулган Э.А.А. жана 2023-жылы төрөлгөн бала мерт болгонун, жараат алган дагы эки кыргызстандык ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кырсыктаган жарандардын жакындары жана орус укук коргоо органдары менен байланышта болуп, мерт кеткен жарандардын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселелерин чечип жатат.
Кыргызстандын ТИМи жарандарды Орусияда машина менен жол жүргөндө жол коопсуздугун жана аба ырайын эске алууга чакырды.
Шерине