Президент Садыр Жапаров Бишкекте курултайда жабык жайлардагы адам укугу бузулган учурлар тууралуу даттанган Ош шаарынан келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаевага жооп берди. Анда тергөө абактары курорт эмес экенин белгилеп, өзү абакта отурган кезде түрмөнүн шартына даттанбаганын айтты.
"Тергөө абактары курорт эмес да, ошон үчүн тергөө абактары. Жылыткычтарды коюуга уруксат жок. Аны күнү-түнү дебей сайып коюп, светке мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Ал жакта өзүнүн жылуулугу жетет. Мен деле бир эмес эки жолу камалып чыктым, биринде тогуз ай, экинчисинде 3,5 жыл жаттым. Бирөөнө арыздандымбы? Арызданган жокмун. Чыдадым. Анткени СИЗО деген СИЗО, түзөтүү колония деген түзөтүү колония. Адамдар түзөлүп чыгат. Мурда бузулуп чыкчу, азыр эми мындан ары түзөлүп чыгат. Азыр режим кирип, түрмө тартипке келип калганын көрүп жатасыңарбы? Баарын тартипке келтиргенбиз",-деди Жапаров.
Айсалкын Карабаева курултайдын биринчи күнүндө жабык жайларда соттолуучуларга ырайымсыз мамиле жасалган, кыйноого кабылган учурлар бар экенин айтып, президенттен чара көрүүнү өтүнгөн эле.
Буга чейин дагы түрмөлөрдөгү ырайымсыз мамиле, кемсинтүү тууралуу маселелер байма-бай көтөрүлүп келген, бирок абак башчылары дооматтардын баарын четке кагышкан.