"Тынчыраак жашагым келет, 10 жыл сүргүндө жүргөндөй болдум..."
Жибек Урустемованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын студенттери да келди. Маркум Бишкектеги Кыргыз экономикалык университетинде эмгек укугу боюнча сабак берчү.
Студенттери ал негизги сабагынан тышкары жаштарга зордук-зомбулук маселесине байланыштуу кеп-кеңешин көп айтчу эле деп эскерип турушту.
Жибек Урустемованын студенттери
“Көп конференцияларга алып барчу. Бир жолу зордук-зомбулук жөнүндө талкуу учурунда ал “Эгер бирөө-жарым силерге кол көтөрсө эч качан унчукпай калбагыла, мени уруп атат деп айткыла, эч качан ичиңерде сактабагыла” деп айткан болчу. Бирок өзү ушул себептен өтүп кеткенине аябай ичим ачышат да. “Мыйзам бар, ал силерге жардам берет, коргойт” деп үйрөтчү”, - дейт Жибек Урустемованын студенти Алтынай Эрмек кызы.
“Кыздар, күйөөгө чыгууга шашпагыла. Эгер үйлөнүү тоюнан кийин эркек кол көтөрсө, ал кайталана берет, дароо кетип калгыла” деп дайыма бизге кеңешин берчү”, - дейт студенттердин дагы бири Бегимай Урматбек кызы.
Жибектин курбулары ал күйөөгө тийгени бир гана алар менен эмес, жакындары менен дагы катташпай калууга аргасыз болгонун, арадан 10 жыл өтүп, жолдошу менен эки башка жолго түшүүнү чечкенде гана байланышка чыкканын айтышты.
Зөөкүр күйөөсү менен ажырашуу чечимин кабыл алганына бир айдай гана убакыт болгон. Ал күйөөгө тийгенден бери катташпай калган курбуларынын телефонун таап, алардын тайпасына кайрадан кошулуп, 10 жылдык зордук-зомбулуктан кийин эркиндикке чыкканын айткан экен.
Наргиза Токтогул кызы
"Ал ажырашкандан 2-3 күндөн кийин жолуктум. Ошондо “Мен тойдум, андан коркуп атам, мени дайыма аңдыйт, улуу баламды коркутуп, басмырлайт. Тынчыраак жашагым келет” деп баарын айтып берген", - деди маркумдун курбусу Наргиза Токтогул кызы.
Зарима Тажибаева
"Акыркы жолу 13-декабрда жолуктук. Биздин тайпага кошулуп “Кыздар, мен силерге кайра келдим. Силерди сагындым. Экинчи силерди таштабайм. 10 жыл сүргүндө жүргөндөй жашадым” деп айтты. Биринчи күнү жолукканда такыр айткысы келбей, ыйлап эле, "Келгиле, жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшөбүз, мен ал жөнүндө сүйлөшкүм келген жок, мен акыры кутулдум, эркиндикке чыктым" деп аябай сүйүндү. "Туулган күнүмдө ажырашып, кутулат экенмин. Кудай мага белек кылды" деп тиленип, аябай сүйүнүп аткан”, - дейт маркумдун курбусу Зарима Тажибаева.
Каргашага айланган күн
Аля Чодиева
“Ал күйөөгө тийгенден тартып өзүнүн туугандары, кесиптештери, достору менен мамилеси үзүлүп, катташпай калган. Күлүп-жайнаган Жибегим соолуп калган”, - дейт маркумдун апасы Аля Чодиева.
Койсун Нурахмед кызы
"Кайсы бирин айтайын, эжем ажырашуу боюнча акыркы чечимди күйөөсү теңтуштарынын көзүнчө, көп адамдардын алдында жамбашка тээп, сабаганда кабыл алган экен. Эжем ошондо “Мен аябай жаман болдум, аяштарыбыз үйгө жеткиргенде эшиктин алдында аябай сабаган” деп айтып берген эжемдин аудиосу дагы бар”, - дейт маркумдун сиңдиси Койсун Нурахмед кызы.
23-декабрда Жибек күйөөсү менен расмий ажырашуу үчүн соттук жараянга катышкан. Отурумда күйөөсү менен жарашпасын айтса, шектүү жашай турганын билдирген. Сот акыркы чечимин жарыялаш үчүн башка мөөнөткө жылып кеткен.
Жүрөгү тилинип, кан жутуп турган маркумдун апасы каргашалуу окуя күнү шектүү өзүн башкача алып жүргөнүн байкаган.
"Керек болсо соттук процесске келгенде дагы көзү ушундай кызыл болчу. Ал калчылдап, Жибектин түбүнө келгенде мен ортого туруп алгам. Мүмкүн ошондо судья ажыраштырып койгондо ал коркуп калмак", - дейт апасы Аля Чодиева.
Жибектин студенттери ошол күнү ага торт, гүл белек кылып куттукташкан.
Соттон чыгып, Жибек жумушуна барып, кечке чейин иштеген. Туулган күнүндө студент, кесиптештеринин белегин алып, тун уулун ээрчитип, шектүүнүн үйүнөн кенже уулдарын алып кетүүгө чыккан.
Бекжан
“Атамдын үй жагына жеткенде “Балам, сыртка чыга турчу, мен аны менен жалгыз эле сүйлөшүп алайын, 10-15 мүнөт Москва көчөсүндө күтүп турчу” деди. Макул болуп, машинадан түшүп, алыс кетпей, алар отурган унааны карап турдум. Алар машинанын ичинде урушкан жок, бирок бирдемени талашып жатышты. Анан менин эсиме дароо травмат келди. Беш мүнөттөй карап турдум дагы үйгө барып, бөбөгүмдү алып чыгып карасам машина жок экен. Болжол менен жарым саат өттү. Мамама чалсам албайт. Бир нече жолу чалгандан кийин апам телефонду алып “Балам, кабатыр болбо, атаң экөөбүз элдештик, баары жакшы” деди. Анан мен “Апа, эмне болуп атат?” десем телефону өчүп калды. Бирок мамамдын үнү коркуп тургандай болчу да”, - дейт маркумдун тун уулу Бекжан.
Каргашалуу окуядан кийин милиция Жибек жана күйөөсү бир унаа менен көп кабаттуу үйдүн жанына келип, ичине кирип бараткан видеону тараткан.
"Эжемди "Гүл, торт көтөрүп, жакшынакай кирип кеткен" деп айтып жатышат. Чындыгында ал гүл менен тортту эжеме студенттери берген экен. Тапанчасы менен коркутуп атса менин эжем ал жакка коркконунан барды да. Ал балдары үчүн коркконунан барды. Анткени күйөөсү зөөкүр экенин, өлтүрүп саларын билчү”, - дейт сиңдиси Койсун Нурахмед кызы.
23-декабрдын кечинде маркумдун апасы, бир туугандары үйүндө дасторкон жайып, туулган күн тосууга даярданышкан. Бирок каргашалуу күнү Жибек сиңдисине телефон чалып, бара албай калганын билдирген.
"Эжем чалганда телефонду "мамама берчи" деп суранды. Мамама "мен бүгүн үйгө бара албайм, Бакыт экөөбүз элдештик" деди. Мамам кел дегенине болбой, эки күндөн кийин күйөөсү менен чогуу келерин айтты", - дейт Койсун Нурахмед кызы.
"Мама, мени кечирип койчу, аны менен жарашып алдым" деди. "Андай болушу мүмкүн эмес, сен ошонун жанындасынбы?" деп сурасам, "Ооба, эки күндөн кийин барам" деди", - дейт маркумдун апасы.
"Анан болжол менен бир мүнөттөн кийин кайра чалып, күйөөсүнүн биринчи турмушунан баласы бар, ошол Бекжанды алып кетет деп айтып, телефонду өчүрүп салды. Бирок үнү жардам бергилечи деп жалынып жаткандай угулду. "Мама, алып кетчи" деп жардам сурагандай сүйлөдү. Ал жакта бир нерсе болуп жатканын дароо сездим. Мамама кийингиле деп, машина чакырып, жолго чыкканда Бекжан чалды", - дейт Койсун Нурахмед кызы.
"Мен эмне болуп жатканын түшүнбөй турдум. Анан баарына телефон чалууну чечтим. Ким жардам бере алат деп өкүл аталарга, таенеме, эжеме чалдым. 19:40тарда үй жакка келип калдык. Эшиктин алдында оперлерди күттүк. Анан өзүбүз эле кирип чыгалы деп баратсак, ал өзү эшиктен чыгып калды да. Мамамдын телефону, кубаттагычы менен бир жакка шашып баратыптыр", - дейт маркумдун уулу Бекжан.
"Милиция бат келе калса болмок..."
"Эжем менен сүйлөшүп, анын жардам сурап жатканын сезген учурда эле милицияга чалдым. Алышкан жок, экинчи жолу чалганда алды. Саат болжол менен 20:52 болчу. «Эжемди өлтүргөн атат, тапанчасы бар, суранам, эжемди сактап калгылачы» деп кечке сурандым. Анан Бекжан менен Москва-Правда көчөлөрүнүн кесилишинде жолугуп, окуя болгон жерге бардык. Мамам менен Бекжан үйдү көздөй кетти. Мага болсо милиция кайра-кайра чалып атты. Улам бири чалып, менден маалымат сурап жатышты. Бир жоопту эле ар кимге кайра-кайра кайталай бердим. Анан ошолордун бирөө да бат-баттан келе калып, жардам бербей койду. Дарегин билбейт экен деп жазып атышат. Мен аларга дароо эле Бөкөнбаев 10 деп айткам", - дейт Койсун Нурахмед кызы.
Шектүү үйдөн чыгып, топтолгон туугандарын көргөндө кайра үйдү көздөй кирген. Маркумдун апасы жана тун уулу аркасынан барган.
"Мен коридордо турганда аралык ушундай болчу. Жибек кана десем өтө оройлук менен «жүрү» деди. Мен аркасынан ээрчидим. Ал мени биринчи кирсин деди. Ал эшикти ачканда Жибек сумкасын кармап эшиктин түбүндө туруптур. Кызым артка жылганда эле тигил колумдан сүйрөдү, эшикти жабайын дегенде бутум менен тосуп калдым. Кое бер деп кыйкырганда ал башка бөлмөгө чуркап, тапанчасы даяр окшойт, кызымдын чыкыйына аткандай көрүнгөн. Азыр сөөктү жуугандар ок бул жагына (кулактын үстүн көрсөтүп) тийиптир деди. Мен төрт жолу атканын уккам. Сегиз ок бар экен, бешөө атылыптыр, үчөө ошол тапанчанын ичинде экен. Ага чейин кызым жыгылганда «Бакыт, баарына макулмун, экөөбүз жашайлы» деди. Бирок тиги атканда аябай жакын аралыктан атты", - деди апасы.
"Мен сүйлөшүп, телефон чалууларга жооп берип аткам. Мамамдар ары жакта турушкан. Бир кезден кийин эле жездем чыкты. Анан мен жооп берип, тигил жакка барганчакты тез эле болуп кетти. Карасам эле мамам менен Бекжан эшикти көздөй атып чыгып бакырышты. Мен ошондо эжемди өлтүрүп салганын түшүндүм. Барып алып эшикти тарткылап, чапкыласак дагы, ичинен бекитип алыптыр, ача албай койдук. Эжемди өлтүргөндөн кийин 10-15 мүнөттөн кийин милиция келди. Келип алып эшикти тыкылдатып 20 мүнөттөй турушту. Анан эшикти бир нерсе кылып ачкылачы деп сурандым. Мүмкүн эжемди сактап калабыз деп ойлодум", - деди Койсун Нурахмед кызы.
"Шектүү куралды мыйзамсыз алып жүргөн, Жибекке коргоо ордери берилген". Ишти эми милиция эмес, УКМК тергейт
Бишкек милициясы шаарда 23-декабрда болгон бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш ишин козгогон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул иште жаңы жагдайлар белгилүү болгонун, тергөөнү эми өзү жүргүзөрүн билдирди.
Көрсө Жибек күйөөсүнүн зомбулугунан улам милициянын коргоо ордери менен жүргөн экен, ал эми күйөөсүнүн тапанчасы мыйзамсыз болгон.
"Тергөөнүн жүрүшүндө маркум келинге убактылуу коргоо ордери берилгенине жана кылмышка шектүү травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүргөнүнө, сактаганына байланыштуу жаңы жагдайлар белгилүү болду. Кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына которулду. Иликтөөнүн жыйынтыгында убагында аракет көрбөгөн, мыкаачылык менен адам өлтүрүлүшүнө жол берген адамдар аныкталып, аларга юридикалык баа берилет",-деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерткен. Ташиев мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү экенин белгилеген.
Анын алдында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиевдин келиндин өлтүрүлүшү тууралуу билдирүүсү талкуу жараткан. Ал атууга шек саналып жаткан күйөөсү аялына жарашканы келгенин, куттуктап, атайын торт менен гүл сатып алганын, экөө бир машинада чогуу келип, үйгө чогуу киргенин айтып, үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик эле себеп болгонун билдирген. Социалдык тармактарда аны "кылмышкерди актап жатат" деп айыптагандар дагы болгон.
Президент Садыр Жапаров 25-декабрда Бишкекте өткөн IV Элдик курултайда зомбулук маселесине кайрылып, "аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат" деп айтты. Ал зомбулукка барган кылмышкер жазадан кутулбай турганын белгиледи.
"Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш шылтоо, зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатты урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, зомбулукка каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти кура алабыз”, - деди мамлекет башчы.
"Ачуусун апамдан, менден чыгарган аябай майдачыл киши..."
Маркумдун жакындары 10 жыл аралыгында күйөөсү ага тынч жашоо бербей, зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышты.
"Сегиз жашка чейин мамам экөөбүз жашадык. Мамам мени жалгыз чоңойтту. Сегиз жашымда жашоомо ушул киши келди. Аябай майдачыл киши болчу. «Бут кийимди тазалап койбойсуң», «кийимдерди кир жуугучка салып койбойсун» деп же унутуп калсаң, бир нерсе болсо башка кишини күнөөлөчү да. Менден, көбүнчө апамдан ачуусун чыгарчу. Ал киши урушканда мамам эшикти жаап койчу. Мен сыртында турсам да, бөлмөнүн ичинде эмне болуп жатканы угулчу. Бирок мамам «Бекжан, ушундай бир уруш болуп калса биздин мамилебизге кийлигишпе, тийишпе, бирдеме болуп калса мени тургузуп кой, бирок аны түртпө, мушташпа, өзүңө да зыяны тийип калат» деп айтчу", - дейт Жибектин тун уулу.
Шектүү социалдык түйүндөргө активдүү чыгып жүрчү.
Шектүү мурдагы милиция кызматкери. Жакындарынын билдиришинче, Жибек анын экинчи никеси болгон жана ортосунда үч бала бар.
Жарандык никелерин кошкондо шектүү төрт ирет аял алган.
Мурда Бишкектин жол коопсуздугун тескеген башкармалыгында иштегени, милициянын улук лейтенанты наамы бар экени, 2021-жылы шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгону, социалдык түйүндөрдө пауэрлифтинг жана бодибилдинг менен алектенген активдүү колдонуучу катары да таанымал экени белгилүү болду.
"Негизи ал киши менен аз көрүшүп калдык. Эжем анын жанында коркуу сезими менен жүрчү да. Коркуп турчу. Бир жолу Жаңы жылды чогуу тосуп калдык. Эжемди көзү менен эле жумшап турган адам болчу десем жаңылышпайм. Бир жолу эжемдин жардамы керек болуп, жаныма эле туруп туруңузчу деп сурандым. Ал Бакыттан суранышым керек деп, бир аздан кийин кайра чалып, “сага бара албайм, мени кое бербей койду” деди. Кийин ажырашып, бул жакка келгенден кийин сырдашып баштаганда ошондо эмнеге жибербей койгонун айтты. Көрсө ал бир жакка барып, көзүнө чөп салат деп кызганчу экен. Биз өзүбүз төрт бир тууганбыз. Эң улуусу Жибек эжем болчу. Бир жолу Орусияда жашаган эжем туулган күнүнө белек кылам деп курьер аркылуу гүл жөнөтүптүр. Анан ал ошол гүлдү “Ким берди? Ыргыт!” деп айласын кетириптир. Эжем Орусиядагы эжеме чалып “гүлдү сатып алган дүмүрчөктү жөнөтчү, Бакыт туура эмес ойлоп атат. Калп эле сени берди деп, башка бирөө алып келди да” дептир. Чекти көрсөтсө дагы болбой, эжеме гүлдү таштандыга ыргыттырыптыр”, - дейт сиңдиси Койсун Нурахмед кызы.
Маркумдун жакындары ал жаңы жашоо баштаганга белсенип, келечекке жаңы пландарды коюп, кыялданып жүргөнүн айтышты.
"Эжекем негизи акыркы күндөрү адвокат болууну кыялданып, даярдана баштаган. Жапонияга аябай баргысы келчү, анткени чет мамлекетке чыгып көрө элек болчу. Эми жашагысы келип, эми жашайын дегенде эжебизди өлтүрүп салбадыбы”, - дейт Койсун Нурахмед кызы.
Быйыл он айда Кыргызстанда 18,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан дээрлик 28% көп. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024-жылы Кыргызстанда 14 жашка чейинки 5 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн. Быйыл жыл башынан бери 8 ай аралыгында 3 бала, 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду.