Украина тарапта согушкан "Орус ыктыярчылар корпусунун" түзүүчүсү окко учту

Денис Капустин

"Орус ыктыярчылар корпусу" (РДК) уюмдун негиздөөчүсү жана командири Денис Капустин Запорожье багытында "согуштук тапшырманы аткарып жатып" окко учканын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 41 жаштагы Капустин түн ичинде FPV-дронунун соккусунан мерт болгон.

"Окуянын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат, учурда эмне болгонун тактоо иштери жүрүп жатат", - деп кабарлады РДКнын Telegram-каналында.

Орусиянын жараны Денис Капустин 2017-жылы Киевге көчүп барган. Согушка чейин ал оңчул көз караштагы адамдар үчүн мушташ клубдарын уюштуруп келген. White Rex деген каймана ат менен таанымал Капустин өзү дагы ашынган оңчул көз караштагы адам болгон.

Мындай ишмердүүлүгү үчүн 2019-жылы Капустинге Шенген аймагына кирүүгө 10 жылга тыюу салынган. Bellingcat иликтөөчү тобу кийин ал тыюуга карабастан Германия менен Францияга барганын аныктаган.

2022-жылы Капустин жалаң орус жарандарынан турган "Орус ыктыярчылар корпусун" түзгөн. РДК уюму Украина тарапты жактап, азыркы орус бийлигине армиясына каршы күрөшө турганын билдирген. Орусия РДКны террордук уюм катары тааныган.

  • 2023-жылдын апрелинде РДКнын Брянск облусуна чабуулунан кийин Денис Капустин Орусиядагы террорчулар жана экстремисттер тизмесине киргизилип, федералдык издөөгө алынган. "Орус ыктыярчылар корпусу" андан кийин да бир канча жолу Украинага чектеш Орусиянын аймактарына чабуул койгон.
  • 2023-жылдын ноябрь айында Орусиядагы сот Капустинди сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Тирүү кармалса, ал өзгөчө режимдеги колонияда жазасын өтөмөк. Орус соту аны мамлекеттик чыккынчылыкка, террордук аракеттерге, террордук ишмердүүлүккө үйрөтүүгө, террордук коомчулук түзүүгө жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сатып алууга айыптуу деп тапкан.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын жапырт чабуулунан жараат алгандар отузга жеттиТайланд жана Камбоджа ок атышууну токтотууну макулдаштыКытай Тайванга курал сатканы үчүн АКШга санкция салганын билдирди