Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Украина: Орусиянын жапырт чабуулунан жараат алгандар отузга жетти


Ишемби түнү Киев шаарына жана облусуна Орусиянын дрондорунун жана ракеталарынын жапырт чабуулунан 30 адам жараат алып, бирөө каза тапты. Он киши ооруканага жаткырылганын Киев шаарынын мэри Виталий Кличко билдирди.

Дарницкий районунда дрон 24 кабаттуу үйгө тийип, жогорку жана техникалык кабаттар талкаланды. Днепр районунда дагы бир дрон 18 кабаттуу турак жайга тийген.

Шаардын аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко Соломенский районундагы 18 кабаттуу жатакана да бүлгүнгө учураганын билдирди. Борбор калаанын башка райондору да аткылоого кабылып, өрт чыккан.

Чабуулдун кесепетинен шаарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.

"Учурда 2600дөн ашуун турак жай, 187 бала бакча, 138 мектеп жана социалдык тармакка тиешелүү 22 мекеме борборлоштурулган жылуулуктан ажырады", - деп билдирди Кличко.

Киев облусундагы чабуулдун кесепетинен 1978-жылы туулган аял киши каза таап, дагы бир адам жараат алган. Облустук администрациянын башчысы Николай Калашниктин айтымында, орусиялык армиянын соккулары инфраструктура объектилерине, ишканаларга, дүкөндөргө жана турак жайларга урулган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү эртең менен өлкөгө 500дөй орусиялык учкучсуз учуучу аппарат жана 40 ракета менен чабуул жасалганын билдирди. Бутага негизинен Киевдин энергетикалык жана жарандык инфраструктурасы алынган.

"Бул күндөрү көп суроолор болду. АКШ жана дүйнө коомчулугунун согушту токтотуу сунуштарына Орусиянын жообу кайда? Орусиянын өкүлдөрү узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок иш жүзүндө алардын ордуна “Кинжал” жана “Шахеддер” сүйлөп жатат. Путиндин жана анын айланасындагылардын чыныгы жүзү ушул. Алар согушту токтоткусу келбейт. Украинага көбүрөөк азап тарттырууну, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө басымды күчөтүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга аракет кылышат", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген энергетикалык объектилерге жана Украинанын аскердик-өнөр жай комплексине тиешелүү ишканаларга урулганын билдирүүдө.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG