Азык-түлүк баасы былтыркыга караганда 8,9% көтөрүлдү

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн.

Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, балмуздак 20,6% өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%,
кургатылган мөмөлөр жана жаңгактар 4,7%, нан 4,6% кымбаттаган.

Ал эми жумуртка баасы 10,1%, күрүч 1,6%, малдын майы 0,3% төмөндөгөн.

2024-жылдын декабры менен салыштырганда алкоголдук ичимдиктер 7,3%, тамеки 9,4% кымбаттаган.

Буга чейин Улуттук статистика комитетинин азык-түлүктүн бааларына жүргүзүп турган күндөлүк мониторинги жыл башынан бери уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эттин баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартыларын эскертип, өкмөт бааны ооздуктоо аракеттерин көрүп келет. (ST)

Дагы караңыз

Бир жылда мейманкана жана ресторан курууга жумшалган инвестиция 23,2% өстүУкраина: Орусиянын жапырт чабуулунан жараат алгандар отузга жеттиИталияда ХАМАСка жардам берүүгө шектүү тогуз адам кармалды