Кыргызстанда быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде айткан.
Министрдин маалыматында, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын казылган.
"Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир канча компаниялар, тагыраагы алтын казган фабрикалар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. 2030-жылы кубаттуулукту калыбына келтирип эле тим болбой, аны көбөйтөбүз дагы. Мен көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм. Быйыл Солтон-Сары кенинде "Джионг-Джи Майнинг" кытай компаниясы жана "Кыргызалтын" иштеп жатат. Өндүрүш ишке кирди, кийинки жылы алтын өндүрүлө баштайт", - деген Машиев.
Министр Терексай кенин иштетип жаткан компания кубаттуулугун жогорулатып, 1 тоннадан жогору алтын өндүрө баштаганын билдирген. Чаарат жана Үңкүрташ кендеринде 100 тоннадай алтын барын, экөөндө тең фабрика куруу пландалып жатканын айткан.
Машиевдин белгилешинче, өлкөдө жалпы эсептөөлөр боюнча алтындын кору болжол менен 1000 тоннага жакын. Анын басымдуусу Кумтөрдө. 2024-жылы геологиялык чалгындоо ишинин натыйжасында кендеги алтындын кору 147 тоннага көбөйгөн. Кумтөргө жакын Тоголок кенинин эсебинен алтын кору дагы 180–200 тоннага көбөйүшү мүмкүн.
Кумтөргө берилген бул кенде учурда чалгындоо иштери аяктап калганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен Тоголоктогу алтын кору дагы 2 тоннага көбөйгөн. Министр учурда бул кенде экологиялык экспертиза иштери жүрүп жатканын, келерки жылы фабрика куруу иштери башталарын кошумчалаган.
Машиевдин маалыматында, мамлекеттик комиссия өлкөдөгү күмүштүн корун 1200 тонна, жездикин 12 000 тонна, көмүрдүкүн 1,8 миллиард тонна деп аныктаган. Жыл сайын жүргөн жаңы эсептөөлөргө ылайык, бул көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн. (ST)