"Кыргыз тили бардык тармакта колдонулса гана өнүгөт"

Махабат Садырбек

Германияда көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан юридикалык антропология илимдеринин доктору, эл аралык саясат таануучу жана лингвист Махабат Садырбек кыргыз тилине арналган жаңы эмгегин жарыялады.

Amazon Publishing аркылуу чыккан "Comprehensive Grammar of the Kyrgyz Language" аттуу бул китеп кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган эл аралык окурмандарга, айрыкча англис тилдүү академиялык чөйрөгө багытталган.

– Махабат айым, сизди жаңы эмгегиңиздин жарык көрүшү менен куттуктайбыз. Буга чейин "Кыргыз тилинин грамматикасы" деген немис тилинде китеп чыгардыңыз эле. Азыркы эмгек ошонун эле англичсе вариантыбы же мазмуну толук эле айырмаланабы? Жаңы китебиңиз тууралуу кеңири айтып бересизби?

– Анда-санда дипломатиялык жана академиялык чөйрөдө кыргыз тилин чет тили катары окутуп жүрүп, системалуу жана илимий жактан негизделген окуу куралына болгон муктаждыкты сездим. Бул боштукту толтуруу максатында көп жылдар бою кыргыз тили тууралуу чет тилдерде жазып келем. Натыйжада мындан үч жыл мурун немис тилинде "Кыргыз тилинин грамматикасын" чыгаргам, эми болсо кыргыз тилин эл аралык аудиторияга тааныта турган англис тилинде «Кыргыз тилинин толук грамматикасын» чыгардым. Бул китеп мазмуну, көлөмү жана концепциясы боюнча кыйла кеңири. Ал кыргыз тилинин фонетикасынан тартып морфологиясы, синтаксиси жана грамматикалык системасына чейин толук камтыйт. Негизги айырмачылыгы – китеп англис тилдүү аудиториянын логикасына ылайык түзүлүп, кыргыз тилинин бүтүндөй түзүлүшүн англис тили менен салыштыруу аркылуу баяндайт. Китеп кыргыз тилин дүйнөлүк тил илиминин бир бөлүгү, филология, лингвистика жана маданият таануу илимдеринде урал-алтай тилдеринин жана түрк тилдеринин өзгөчө бир тили катары көрсөтүүгө далалат кылат.

– Китепти жазууга, структурасын түзүүгө көмөктөшкөндөр болдубу? Мурунку китебиңизде тилчилер менен кеңешип иш алып барганыңызды айттыңыз эле.

– Мен ар бир эмгекти баштан-аяк эле өзүм түзөм жана колдо болгон материалдардын жана өзүмдүн билимимдин негизинде жазам. Мурунку китебимди кыргыз тилин өз алдынча окуп-үйрөнгөн илимий чөйрөдөгү бир катар кесиптештерим текшерип беришкен. Кыргыз тилинин алигиче такталбаган жана талаш-тартыш жараткан бөлүктөрүн филологдор менен талкуулагам. Бул жолу айрым маселелер боюнча Анкара Хажы Байрам Вели университетинин профессору Хүля Касапоглу Ченгел айым менен анда-санда кеңешип турдум. Ал канча жылдан бери кыргыз тилинин грамматикасын түрк тилинде жазып, чыгарып келет. Техникалык жана текшерүү жагынан Бернд Каппенберг деген досум ар дайым жардам берип турду. Андан тышкары өзүмдүн сиңдим Айдай Садырбек форматтоо жагынан көп көмөктөштү. Жалпысынан китептин мазмунун өз тажрыйбамдын негизинде билимимдин жетишинче жана колумдан келишинче түзүп чыктым. Ар бир эмгекте түзөтө турган, жакшырта турган жерлер болбой койбойт. Ал эми кыргыз тилинде дагы такталчу аспектилер көп. Эгерде түзөтүү максатта ар кандай сунуштар болсо, аларды чын ыкластан кабыл алып, тиешелүү жерлерди ошого жараша оңдогонго даярмын.

– Сиздин китепти карап көрсөк, абдан илимий тилде жазылганын байкоого болот экен. Бул эмгек чет өлкөдө тил курстарында окуткан жердештерге жана катардагы жарандарга, тагыраак айтканда кыргыз тилине кызыккандар үчүн канчалык жеткиликтүү?

– Мен бул эмгекти кыргыз тилин ийне-жибине чейин талдаган, эл аралык лингвистикалык стандарттарга ылайык энциклопедия катары жаздым. Ошол эле учурда практикалык колдонууга дагы ылайыкталган. Окурмандар жалпы маалымат алуу үчүн аны үстүртөдөн окуса, же айрым бир бөлүмдөрдү, мисалы кыргыз тилинин өзгөчөлүгү болгон сөз жасоо ыкмаларын же үндөштүк мыйзамдарын терең түшүнүү үчүн пайдаланса болот. Келе жаткан айларда китепте камтылган бардык сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана мисалдарды өзүм сүйлөп жаздырып, интернет баракчама жүктөйм. Бул китептин мазмунун "жандуу тил" катары окуп-үйрөнүүгө салым кошот. Окутуучулар болсо муну колдонмо катары өздөрү берген курска ылайыктап, оңойлотуп колдонсо болот. Кыргызча үйрөнүү үчүн Бакыбек Токубек уулунун, Динара Абакированын жана Асия Акматованын чакан жана кыска колдонмолорун эске сала кетсем. Менин китебим ошол усулдардан ары тереңирээк кеткен фундаменталдуу булак болуп бере алат деп ишенем.

– Жаңы китебиңизди салттуу басмаканада эмес Amazon Publishing аркылуу чыгардыңыз. Эмне үчүн мындай чечимге келдиңиз?

– Бул чечимге бир нече негиздүү себеп бар. Биринчиден, кыргыз тили боюнча илимий эмгектер көп учурда чектелүү тираж менен чыгып, тар чөйрөдө гана калып калат. Amazon Publishing китепти дүйнөнүн каалаган бурчуна жеткирүүгө шарт түзөт. Экинчиден, мен кыргыз тилин аймактык алкактан чыгарып, эл аралык академиялык мейкиндикке алып чыгууну максат кылдым. Бул чечим кыргыз тилине болгон ишенимден жана анын илимий потенциалы толук ачыла элек деген түшүнүктөн келип чыкты. Кыргыз тили сыяктуу салыштырмалуу аз изилденген тил үчүн мындай мүмкүнчүлүк өзгөчө маанилүү. Үчүнчүдөн, бул платформа мага автордук укуктарды жана мазмундук көз карандысыздыкты сактоого шарт түзүп, китепти келечекте жаңыртып, толуктап турууга мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары мындай 450 беттен турган көлөмдүү ишти редакциялоо адатта бир-эки жылга созулат.

– Демек, бул эч кандай илимий долбоорго байланбаган жана өз каражатыңыз менен ыктыярчылык негизде жаралган эмгек?

– Ооба, бул эмгек он беш жылдын ичинде социалдык долбоор катары жалаң өзүмдүн ресурстарым менен жазылды. Бул да онлайн басмакананы тандоонун бир себеби болду. Анткени салттуу басмаканаларда китеп басып чыгаруу ири чыгымдарды талап кылат, муну өз башымдан бир нече жолу өткөрдүм. Amazon Publishing аркылуу болсо буйрутма түшкөндө гана китеп басылып чыгып, тиешелүү дарекке жөнөтүлөт. Учурда китеп басмакананын кеңеши менен катуу мукабалуу болуп 70 доллардан сатыкка чыкты. Бул жерде менин үлүшүм 40 пайызга жакын. Салттуу басмаканаларда болсо автордун акысы 5-7 пайыздан ашпайт. Мен акырындап бир социалдык долбоор менен экинчи долбоорду каржылай ала турган абалга өткүм келет, анткени алдыда жазылып бүтүп калган бир катар эмгектерим бар, анын баарын өзүм жалгыз каржылай алчудай эмесмин.

– Кыргыз тили бүгүн илимий тил катары жетиштүү деңгээлде колдонулуп жатабы? Сиздин пикириңиз кандай?

– Тилекке каршы, колдонулбай жатат. Биз көп учурда кыргыз тилин символ катары гана коргойбуз, бирок аны илимий, аналитикалык, академиялык жана техникалык деңгээлде колдонууга жетиштүү көңүл бурбайбыз. Саясий айдыңда колдонуу бирок азырынча жакшы келе жатат. Тил бардык тармакта жана жогорку деңгээлде колдонулганда гана толук кандуу жашайт. Болбосо ал фольклор менен күнүмдүк сүйлөшүүнүн чегинде калып калат.

– Сиздин китеп бул маселени кантип чечет деп ойлойсуз?

– Бул китеп багыт көрсөтүүгө жардам берет. Кыргыз тилин системалуу, мүмкүн болушунча так жана эл аралык стандартта түшүндүрүү менен олуттуу бир база жараттым деп ойлойм.

– Германияда жана башка жактарда китепке болгон кызыгуу барбы? Алабыз дегендер чыгып жатабы?

– Чоң ынтызарлыкты мен биринчи орунда англис тилдүү өлкөлөрдө жашаган кыргыз жердештеримден байкап жатам. Андан кийин бул эмгекти Кыргызстанда жашап, окуп, иштеген чет өлкөлүк тааныштарым чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал эми академиялык чөйрөдө, айрыкча Кыргызстан, Борбор Азия жана түрк тилдери менен байланышы бар илимий борборлордо кыргыз тилине болгон кызыгуу бар жана ал өсүүдө. Кээ бир университеттерде бул китеп окуу программаларына кошулушу мүмкүн деген сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул мага абдан чоң дем берүүдө. Мен аталган эмгегим менен кыргыз тилин аймактык же "перифериялык" тил катары эмес, дүйнөлүк тил илиминин толук кандуу бөлүгү катары көрсөтүүнү максат кылдым. Бул белгилүү бир деңгээлде деколонизациялык кадам. Кыргыз тилин тыштан коюлган иерархиялардан чыгарып, аны өз логикасы, өз түзүлүшү жана өз потенциалы менен таанытуу аракети. Кыргыз тили – кыргыз элинин тарыхын, ой жүгүртүүсүн жана дүйнө таанымын алып жүргөн система. Аны жакшы көрүү жана жакшы сүйлөө жетишсиз, аны иштетиш жана бардык жерде жашатыш керек. Кыргыз тилин муундан муунга гана эмес, өлкөдөн өлкөгө өткөрө турган система түзүү керек деп эсептейм.

- Сиз кыргыз тили тууралуу чет тилдерде жазып, аны чет өлкөлөрдө таанытууга аракет кылып келе жатасыз. Бирок ушундай эмгек өзүбүздө кыргыз же орус тилинде жокко эсе экен. Бул багытта кандай ойдосуз?

– Ооба, тилди ар тараптан камтыган мындай китеп өзүбүздө жок. Болсо аны башка тилдерге которуп коюу алда канча жеңил болмок. Өз алдымча эрежелерди, түшүндүрмөлөрдү жазуу, аларды бир нукка салуу жылдарды талап кылды чынында. Мындан эки жыл мурун Стамбул шаарында өткөн тил форумунда бир катышуучу: "Сиз ишти босогодон эмес, төрдөн баштап алыптырсыз, ушунун баарын алгач кыргыз тилинде жазып чыксаңыз болбойт беле" деген. Ошондон бери ойлонуп жүрөм, бирок бул Кыргызстандагы кыйын филологдордун жоопкерчилигиндеги олуттуу иш деп ойлойм. Менин башкы методум кыргыз тилин башка тилдин түшүнүгүндө талдоо, ошондуктан ушул жолдо кете бергеним туура.

– Айтмакчы, сиз учурда Германияда жергиликтүү соттун уруксатын алган кыргыз тилдүү жалгыз котормочусуз. Бул тармакта да кыргыз тилине салым кошуп келе жатасыз деп айтсак болобу?

– Ооба, өз тажрыйбаларыма таянып, котормолордун ар кандай түрүн жасап жүрүп, мындан беш жыл мурун расмий котормочу катары уруксат алгам. Кыргыз-немис синхрондук котормону да акырындап түптөп келе жатам, бул жолдо бирин-экин өнөктөштөрүм да пайда болду. Жалпылап айтканда, котормонун кайсыл түрү болбосун, кыргыз тилине жаңы терминдер жана түшүнүктөр кирип, тил чет өлкөдө жаңы бир контексттерде колдонулуп жатат. Тилдин өнүгүшүнө салым кошуу максатында, колуман өткөн котормолорду байма-бай гуглга, акыркы жылдарда ChatGPT ге киргизип турам.

– Алдыда дагы ушул багытта даярдап жаткан долбоорлоруңуз бар экен. Ошолор тууралуу учкай бөлүшө кетпейсизби?


– Учурда дагы эки китептин үстүндө иштеп жатам. Алардын бири кыргыз тилдүүлөр үчүн түзүлгөн немис тили боюнча усул. Германияга жол тарткан мекендештердин санына жараша мындай китепке суроо-талап да жогорулап келет. Немис тили ушул күнгө чейин орус тилдүү китептер менен окутулат. Экинчи китеп болсо испан тилиндеги кыргыз тилинин кыскача версиясы. Бирок бул китепти ортодон испан эмес италян тилинде жазсамбы деп ойлонуп жатам. Анткени Италияда жашап, кыргыз тил курстарын берген бир жердешим усулду чогуу иштеп чыгуу сунушун берген эле. Андан тышкары бир топ жылдан бери (толковый) «Немисче-кыргызча сөздүк» жазып келем, аны дагы жарыкка чыгаруу учуру келип калды. Учурдун талабына ылайык аны онлайн түрдө сунуштасамбы дейм. Ал эми келечектеги планда кыргыз тилинин европалык университеттерде туруктуу окутулушуна багытталган окуу программаларын иштеп чыгуу жана немис-кыргыз котормочулугун өнүктүрүү ниетим бар.

– Чет өлкөдө кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүүгө шарт түзө турган эмгегиңиз кут болсун.

– Рахмат. Мен үчүн бул эмгек эне тилиме болгон кызматым, урматым жана бул дөөлөттүү тилге калтырчу интеллектуалдык мурасым.