Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Махабат: Германиядан эки тонна кийим жибердим


Германиядагы "Ак-Талаа" кайрымдуулук коомунун жетекчиси Махабат Садырбекова
Германиядагы "Ак-Талаа" кайрымдуулук коомунун жетекчиси Махабат Садырбекова

Махабат Садырбекова айылда чоңоюп өскөн. Мектепти Кочкордун Ак-Талаа айылынан бүтүп, окуусун Бишкекте уланткан.

Махабаттын Европага барганына 16 жыл болду. 1999-жылы БГУда окуп жүргөн кезде, атайын программанын стипендиясын утуп алып, алгач Германияда, анан Брюсселде билим алган. Ошондон тарта илимий чөйрөдө иштеп жүрөт. Учурда Берлинде жашайт.

"Айылдын түйшүгүн жакшы түшүнөм" деген журтташыбыз буга чейин туулуп-өскөн жерине кыйла колдоо көрсөткөн. Кийим-кечектен тартып мектепке, бала бакчага окуу куралдарын, эмерек, медициналык жабдууларды сатып берген.

Махабат Садырбек кызы: Мен өзүм тил илимдери жана эл аралык саясатты окугам, андан кийин дипломатиялык окууну бүтүп, Брюсселге барып иштейин деп Белгияга кеткем. Кийин шартка байланыштуу Германияга келип, илимий иш жазайын деп чечтим. Берлинде Эркин университети деген бар, ошондо Мусулман коомчулугу жана маданияты деген институтунда докторантмын. Азыр юридикалык жана антропология боюнча илимий иш жактап атам.

Германияда баары мыйзам чегинде. Кырсык болуп, бирөөнү коюп алса, аксакалдар аркылуу же бирөөнү ортого салып маселени чечпейт. Кыргызстанда болсо уруш-талашты, жаңжалдарды формалдуу эмес жолдор менен чечкен учурлар арбын. Аксакалдар соту, салттуу институттар, улууларды ортого салуу деген нерселер болот. Мына ушул нерселер айылда, шаарда кандай? Булар эмнеден келип чыгат, дагы кандай механизмдери иштейт? Ушул суроолорго жооп алуу үчүн Кыргызстанга барып, үч жыл изилдөө жүргүздүм. Азыр туулган жериме эки-үч жылда бир барып турам. Бирок ден соолугума байланыштуу бул жакта калууну чечтим.

“Азаттык”: Кыргызстандан оолак болсоңуз дагы туулуп-өскөн айылыңызга, жаштарга жардам берип жүргөнүңүздү угуп, окуп жүрөбүз. Кайрымдуулук ишиңиз эмнеден башталган?

Германиядагы мекендештер
Германиядагы мекендештер

Махабат Садырбек кызы: Мурда менин жардамым алыс туугандарга эле берилчү. Кийин атам "Айылда кыйналып жүргөн үй-бүлө бар, кийим-кечек болсо берип жиберчи" деп айткан. Ошондон тарта бут кийим көрсөм эле чогултуп, кээде арзандатуулар болгондо өз акчама алып жүрдүм.

Тесттен өтпөй калган кийимдер түз эле фирманын өзүнө барат. Ошол себептүү фирмаларга кат жазып, өздөрүнөн ала баштадым. Досторум акча чогултуп берип, фирманын өзүнөн эле тонналап бут кийим, кийим алып Кыргызстанга жөнөтүп жүрдүм. Баш-аягы эки тоннадай кийим-кечек жиберипмин.

Башкалар кандай билбейм, бирок мен чет өлкөгө барганда алардын жашоосун, өнүккөнүн, инфраструктурасын көрүп ойлоно баштадым. Эмнеге бизде андай эмес, эмнеге адамдарга, майыптарга мамиле башкача деп санаа тартчумун. Ушундан кийин мекенге аз да болсо жардам берүү ниети пайда болду. Өзүм айылда чоңойгом, элетте кыйын эле да, суу ташып, от жакмай деген түйшүктөр түгөнбөйт... Айылда жетим балдарга камкордук аз. Окуу куралдар тартыш. Кайсыл жакка эмне жетишпесе, ошол жакка жардам берүүгө аракет кылам.

“Азаттык": Ошондо сиздин кайрымдуулук долбооруңуз 2005-жылдан бери иштеп келатабы?

Махабат Садырбек кызы: Алгач өзүмдүн демилгем менен акча алып барып, бала бакчага эмерек, мектепке окуу куралдарды, музыкалык аспаптарды сатып бергем. Башка айылдардагы мектептерге да ушундай эле жардам бергем. Германияда Кыргызстанга жардам деген коом бар. Алар менен 2009-жылдан бери чогуу иштейм. Мен аларга эркин мүчө катары кирип, котормо жагынан жардам берем. Кийинчерек ошолорго кошулуп, Кочкор районуна медициналык жабдууларды бөлдүрдүм. Алардын жардамы менен УЗИ аппарат жана башка медициналык жабдууларды алдым. Аларды жалгыз жиберүү өтө кыйын. Биз чоң каражат топтоп, Ысык-Көлдөгү Ак-Суу айылындагы майып балдардын бакчасына кошумча 15 орундуу имаратты курууга жумшадык. Андан тышкары Бишкекте беш студент биздин Швейцариядагы жеке демөөрчүлөрдөн стипендия алышат.

“Азаттык": Жөнөкөй эле айылдан чыккан кыз. Учурда бир эмес эки илимий иш жазып, университетте иштеп, мекенине да жардам берип келет. Европада окууну каалаган жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Махабат Садырбек кызы: Аракет кылса эле болот. Негизи бул кадам тилден башталат. Эгер Европада окуйм десе англисче, французча же немисче билүү керек. Ошол чөйрөгө аралашып, мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштайт. Ар кандай программалар бар, стипендия утуп алып келсе болот. Көп кыздар үй жумушчу болууга же бала багуу үчүн келишет. Тилди үйрөнүп, өздөштүргөндөн кийин окууга тапшырып кетишет.

“Азаттык": Негизи ушул жол ыңгайлуу деп ойлойсузбу? Анткени бала багуу үчүн барып, каза болгон кыргызстандык кыз тууралуу көп маалымат жазкан элек?

Махабат Садырбек кызы: Негизинен кыйын. Башка бир үй-бүлөдө өз ордун табуу, алар менен жуурулушуп кетүү абдан кыйын. Мен деле көп кыздарга эки-үч жума үйдөн түнөк берип, башка үй-бүлө таап бергенге жардам бердим. Бул жакта менталитет башка, немистердин балдары да, тарбия да башкача. Алар бизден жоопкерчиликти, өз алдынча демилгени күтөт. Келген кыздарга кээде боорум ооруйт.

“Азаттык": Бала кезде эмне жөнүндө кыялданчу элеңиз?

Махабат Садырбек кызы: Тоодо кой кайтарып жүргөндө тоонун аркы жагын көргүм келчү. Саякаттагым келчү. Башка жакта да мага окшогон кой кайтарган кыздар-балдар бар болду бекен, башка жакта жашоо кандай болду экен деп ойлочумун. Китеп окуганды анан саякаттоону жакшы көрчүмүн.

“Азаттык: Мындан кийинки пландарыңыз кандай?

Махабат Садырбек кызы: Ар кандай долбоорлорду ишке ашыргым келет. Өзгөчө билим берүү жаатында көп нерсени ишке ашыруу ниетим бар. Кочкордо швейцариялык курбум менен тил боюнча жайкы лагерь уюштуруп баштаганбыз, бирок жергиликтүү ыктыярчылардын колдоосу болбой калып, бир аз токтоп калды, ушуну кайра улантууну аракет кылып жатабыз. Ошону улантсам дейм. Кыялданып, алдыга максат коюш керек. Бирок ал реалдуу максат болгону жакшы. Кичинеден болсо да кадам шилтесек көп эле нерсе болот экен. Ага аябай деле көп акча же чоң кызматты ээлештин кереги жок.

“Азаттык": “Мугалим” долбоору жайкы лагерь менен бирге ишке ашабы же ал өзүнчөбү?

Махабат Садырбек кызы: Бул долбоор эки жыл мурда түзүлгөн. Кыргызстанга барып изилдөө жүргүзгөндөр, Германиядагы доктор даражасындагылар ишке ашыралы дегенбиз. Азыр көп жаштар окууну бүтүп, чет жакка кетип жатышат. Бул өтө чоң долбоор эмес, азырынча төрт эле мугалимге айына 50 евродон берип турабыз. Муну менен аз болсо да аларга стимул берүү максатын көздөгөнбүз.

Маек "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун Мекендештер форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

XS
SM
MD
LG