Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода менен 29-декабрда Баткен шаарында жолукту. Аталган өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, анда тараптар өз ара алака-катышты талкуулады.
"Жолугушууга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Бул жолугушуу кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелер чечилгенден кийинки эки облустун келечек мамилелерин талкуулаган алгачкы жыйын болду. Облус башчылары эки өлкөнүн жетекчилери чек ара жөнүндө келишимге кол койгондон кийин аймактагы алаканы өнүктүрүүгө жол ачылганын белгилешти. Кошуна элдердин ынтымагын чыңдоо, карым-катнашын өнүктүрүү, коомдук коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Тараптар эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүү иштеринин аякташы, эки тараптан тең өткөрүлүп берилүүчү жана өткөрүлүп алынуучу турак жай, социалдык объектилерди инвентаризациялоо жумуштарынын жыйынтыкталышы тууралуу баарлашып, бул иш-аракеттер түшүнүшүү маанайында ийгиликтүү ишке ашканын белгилешти. Ошондой эле алдыда чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө чек ара сызыгын, короо-жай, бак-дарактардан, коммерциялык объектилерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча иштер улантыларын айтышты", - деп жазылган маалыматта.
Өткөн аптада президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Кыргызстан менен Тажикстан ортодогу чек ара тилкесинде айырбаштаган айылдардагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү иши жыйынтыкталганын билдирген.
Быйыл март айында эки өлкөнүн президенттери чек арасын толук тактаган макулдашууга кол койгон. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Чек ара такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы облус башчылары чек араны делимитация кылуунун жыйынтыгы менен эки тараптан тең алмашууга макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланганын быйыл сентябрда билдирген.
Баткен жана Согд облустарынын башчылары өз ара алака-катышты талкуулады
Айбек Шаменов менен Ражоббой Ахмадзода.