Флорида: Зеленский - Трамп сүйлөшүүсү, Донбасстын тагдыры таразада
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кошмо Штаттар Украинага убада кылган коопсуздук кепилдиктери 15 жылга гана каралган. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 29-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айтты. Жекшембиде лидерлер Флорида штатында жолуккан. Эки президент үч саатка созулган сүйлөшүү жемиштүү деп мүнөздөшүп, согушту токтотууга кыйла жакындап калганын билдирди.