Бишкекте студенттик жатаканада чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Жатаканадагы өрттү өчүрүү учуру. Бишкек. 2-январь, 2026-жыл.

Эл аралык университеттин жатаканасында чыккан өрттөн жабыркагандар жок, анда жашаган 150 студент толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жатакананын жалпы 300 чарчы метрдей аянты өрттөнгөн. Тилсиз жоо 2-январда түнкү саат 12ге чукул толук өчүрүлгөн.

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Лесхозная көчөсүндө турган Эл аралык университеттин жатаканасында 2-январь күнү кечинде өрт чыккан.

Бул жатаканада чет элдик студенттер жашайт.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык зыяндын суммасы тууралуу маалымат бериле элек.(ZKo)

Дагы караңыз

Украина "Путиндин резиденциясына жасалган чабуулду" айыптаган Борбор Азия лидерлерин сынга алдыТакси айдоочулардын лицензиясы 1-февралдан тартып текшериле баштайт"Келечеги жок". Өкмөт Майлуу-Суу лампа заводундагы өндүрүштү өзгөртүүнү көздөйтХабаровсктогу рейдде сабалган өзбек жаранынын өлүмүнө байланыштуу Ташкент Москвага нота жолдоду