Киев "Путиндин резиденциясына жасалган чабуулду" айыптаган Борбор Азия лидерлерин сынга алды. Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө чөлкөм жетекчилеринин мындай реакциясы бул мамлекеттердин Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойбуз деген позициясына каршы келери белгиленди.
Ошондой эле дипломатиялык мекеме Борбор Азия лидерлеринин "Украинадагы жарандык калкка каршы Орусиянын туруктуу жана атайылап жасаган ракеталык соккуларына эч кандай реакция кылбаганына" өкүнүчүн билдирди.
Министрлик 2025-жылдын 7-сентябрында Орусиянын ракетасы Украинанын Министрлер кабинетинин имаратына тийген учурда да эч кандай билдирүү болбогонун эске салды.
2025-жылдын 30-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус лидеринин резиденциясына жасалды делген чабуул аракетин айыптап, бул элдешүү процессине терс таасир этерин айткан.
Путин менен телефон сүйлөшүү учурунда бул "чабуулду" Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да сынга алышкан. Ошол эле маалда алардын эч бири чабуулдун артында Киев турат деген пикирди айткан эмес.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирген.
29-декабрдын кечинде, Украина президенти жетектеген делегация АКШда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан учурда, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин дрондору Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына чабуул коюуга аракет кылганын билдирген. Анын айтымында, жалпысынан 91 дрон колдонулган, бирок Москва бул боюнча так далилдерди көрсөткөн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Лавровдун билдирүүсүн "кезектеги калп" деп атап, Москва муну сүйлөшүүлөр процессине тоскоол болуу жана Киевдеги өкмөттүк имараттарга сокку урууга шылтоо даярдоо үчүн колдонуп жатат деген пикирди айткан.
АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттерге Путинден резиденцияга чабуул жасоого аракет тууралуу укканын жана буга "абдан ачууланганын" билдирген.
31-декабрда АКШнын атайын кызматтары Украина Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына чабуул жасоого аракет кылган эмес деген тыянакка келгендиги тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу АКШ Борбордук чалгын башкармалыгындагы булакка таянып CNN, The New York Times жана The Wall Street Journal басылмалары жазышты.
Шерине