Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдагы маалыматында өлкөдө катталган жумушсуздардын 46,3 пайызы аялдар. Эмгекке жарамдуу калктын жалпы санына карата катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 2025-жылы жумуш издеп 58,6 миң адам кайрылган.
Анын ичинен 39,8 миң адам жумушсуз катары каттоого алынган.
Ушу тапта жумушсуздардын саны жагынан Жалал-Абад (10 376) жана Ош (10 523) облустары алдыда.
Баткенде 5 795, Таласта 2319, Ысык-Көлдө 1842, Чүйдө 1343, Нарында 1307 адам жумушсуз катары катталган.
Бишкекте 3 144, Ош шаарында 3 192 адам жумушсуз катары каттоодо турат.
Статистикалык маалыматта 2024-жылга салыштырмалуу жумушсуздук көрсөткүчү 26,0 пайызга кыскарганы жазылган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылы Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз экенин, анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турганын билдирген.
Акыркы жылдары Орусиядагы мигранттарга карата чектөөлөрдөн улам Кыргызстанга кайткандар көбөйүүдө. (ST)