Токаев Назарбаев менен Путиндин сүйлөшүүсүнө кызыкпай турганын айтты

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин Кремлдеги жолугушуусу. 2025-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн мурдагы лидери Нурсултан Назарбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу "расмий эмес мүнөздө" болгонун айтып, анын мазмунуна кызыкпасын билдирди.

Токаев бул тууралуу казак тилинде чыккан Turkistan гезитине курган маегинде айткан. Маек 5-январда жарыяланып, анын котормосу Акордонун сайтында да жайгаштырылды.

"Мындай сүйлөшүүлөрдүн мазмуну мени кызыктырбайт, бул тема боюнча эч качан суроо бербейм", - деген Токаев Кремлде Назарбаев менен Путиндин жолугушуусунда 2029-жылы Казакстандагы бийлик транзити талкууланганбы деген суроого.

Токаев декабрда Санкт-Петербургда (ал жерде КМШнын расмий эмес саммити өткөн) Путин менен жолукканда, Путин ага "Нурсултан Назарбаевди өзүнүн өтүнүчү менен кабыл аларын" айтканын белгилеген.

Казакстандын президенти Орусиянын лидерин мактап, аны "досторуна жана кесиптештерине жакшы мамиле кылган" инсан катары мүнөздөгөн. Токаев Назарбаев менен жолугушуу Владимир Путиндин "жогорку адамдык сапаттарын" айгинелей турганын белгилеген.

"Нурсултан Назарбаевдин инсандыгына келсек, мен ал тууралуу заманбап казак мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсү катары бир нече жолу пикиримди билдиргем. Мамлекеттик институттарды түзүүдөгү, экономиканын рыноктук механизмдерин калыптандыруудагы, жаңы борбор калааны куруудагы эмгеги талашсыз. Өзүңүздөр билгендей, биз Казакстанды Адилеттүүлүк, Мыйзам жана Тартип аймагына айландырууну көздөп жатабыз. Ошондуктан ар бир жаранга берилген баа адилеттүү болуп, жеке көз карашка негизделбеши керек. Бул биздин өлкөнүн Биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге да тиешелүү", — деген Токаев.

Нурсултан Назарбаев былтыр жыл аягында Кремлде Владимир Путин тарабынан кабыл алынган. Алардын сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Нурсултан Назарбаев акыркы төрт жылда коомчулукка сейрек чыгып жүрөт. Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган биринчи президент 2019-жылдын март айында кызматтан кеткен. Ал бийликти өзүнүн мураскери Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берип, бир катар кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган.

2022-жылы Каңтар окуясынан кийин (өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, аларды басуу үчүн Токаев аскерлерге ок атууга уруксат берген; расмий маалымат боюнча 238 адам каза болгон) Назарбаев көптөгөн артыкчылыктарынан ажыраган. Мурдагы президенттин туугандары жогорку кызматтардан кеткен, айрымдарына иш козголуп, жоопкерчиликке тартылган.

Январь айындагы башаламандык күчөгөндө Токаев "чет өлкөдө даярдыктан өткөн миңдеген согушкерлер жана террористтер кол салганын" билдирген, бирок бул версия ырасталган эмес. Ал Казакстанга аскердик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кайрылган. Бул уюмга Казакстандан тышкары Орусия, Беларус, Армения (быйыл мүчөлүгүн токтотту), Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

ЖККУ эки жумага аскер жөнөткөн. Байкоочулардын пикиринде, дал ушул аскердик жардам Назарбаевдин айланасындагы элита менен Токаевдин командасынын ортосундагы бийлик үчүн күрөштөн кабар берген. Бирок экс-президент да, учурдагы президент да ортодогу пикир келишпестик тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

Дагы караңыз

Кыргызстанда аялдардын көбү жумушсуз катары катталганКыргызстанда былтыр 18 миң тоннадай өсүмдүк майы өндүрүлдүКурск облусунда дрон чабуулунан 11 миң адам жарыксыз калды