Январда айрым күндөрү аба 15-16 градуска чейин жылышы мүмкүн

Бишкек.

Январь айында Кыргызстандын айрым аймактарында күндүз абанын температурасы 15-16 градуска чейин жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорологиялык кызматынын Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, тоо этектеринде -2…-4° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде кээ бир түндөрү бул облустарда абанын температурасы түнкүсүн -9…-14° чейин төмөндөшү, күндүз 11…16° чейин жогорулашы мүмкүн.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14º, күндүз -4°…+1° чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир түндөрү түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -20…-25° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Айрым күндөрү аба 10…15° чейин жылышы ыктымал.

Талас облусунда орточо температура климаттык норманын чегинде, -1…-3°, кээ бир түндөрү -20…-25° суук, ал эми күндүз айрым учурда 8…13° чейин жогорулашы ыктымал.

Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы -1…-3°, чыгышында -4…-6° болуп, климаттык нормадан ашпайт. Кээде түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз айрым күндөрү 4…9° жылуу болушу мүмкүн.

Нарын облусунда да абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, -13…-15°, Кочкор районунда -6…-8° болору болжолдонууда. Кээ бир түндөрү -22…-27° суук, ал эми күндүз айрым учурларда 1…6° жылуу болушу ыктымал.

Жалпысынан өлкө аймагында абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Украина Орусия жүзгө жакын дрон жана ракета менен чабуул койгонун билдирдиФранция, Британия жана Украина коопсуздук кепилдиктери боюнча декларацияга кол коюштуТИМ Иранда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарладыАКШ Израил менен Сирия алакасын бекемдөө жолдору талкууланганын маалымдады