"Кызым "ал ошо жерлеримди кармайт, мага тийишет" деп айтты...". Оштун тургуну, 35 жаштагы Мухаббат Кадырова жети жаштагы кызына менчик мектепте айдоочу болуп иштеген жаран сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнүн ыйлап айтып берүүдө.
Ал милицияга арыз менен кайрылганына карабай көңүл бурулбай жатат деп 7-январда маалымат жыйын өткөрдү жана кызы окуган мектептин айдоочусун айыптады. Окуучуларды ташыган 47 жаштагы кишиден сексуалдык ыдык бир эмес, бир нече жолу болгонун кызынан ал жакында эле, кышкы эс алуу күндөрү башталганда билген экен:
"Ал "апа, мен мектепке барамбы же барбаймбы?” деди эле, азыр эс алуу экенин айтсам, “анда ал адам мага тийбейт экен да” дейт. Эмнеге, ким тийбейт десем, "айдоочу мага акыркы баланы түшүргөндөн кийин шире берет, аны ичкенден кийин уктап калам, эч ким жок жерге алып барат, ошол жерлеримди кармайт" деп айтты. Бул бир эле жолу болгон эмес".
Кадырова сентябрь айында кызын 1-класска киргизген. Соңку күндөрү ал окууга баруудан баш тарта баштаганын эстеген келин менчик мектепте мындай жарандардын иштеп жүрүшү башка окуучуларга да коркунуч жаратарын айтты. Ал окуя тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганын, бирок ишке көңүл кош мамиле болуп жатканын билдирди:
"Андай адамдарды эмнеге ишке алат мектептер? Биз мектеп тапкан адамга ишенип балдарыбызды берип жатабыз да. Милицияга берсек эч нерсе кылбай жатат. Эч ким мага көңүл бурбай жатат. Ал беймарал адвокаты менен жүрөт. Эч ким аны кармаган жок. Кармап алып, кайра коё бериптир".
Мектеп директору Рустам Салимов окуя тууралуу милициядан укканын, айдоочу аларда келишимдик негизинде иштеп жүргөнүн билдирди:
"Мени шаардык милицияга чакырышты, ушундай иликтөө болуп жатат экен дешти. Дароо айдоочуга чалсак ал байланышка чыкпай атат. Толук маалымат алалы десек телефонду көтөрбөй жатат. Эмнеге албай жатат, билбейбиз. Кыз 1-класска кабыл алынган. Жүрүм-туруму жакшы, активист кыз, негативдүү эч нерсе жок эле".
"Азаттык" айдоочудан комментарий алууга аракет кылды, бирок аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок. СМС кат жазганыбыз да, телефон чалганыбыз да азырынча жоопсуз.
Ал тапта шаардык милиция бул окуяга байланыштуу эки арыз түшкөнүн билдирди. Биринчиси - кызы жабыркаганын айткан аялдан. Ал боюнча, Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, териштирүү жүргүзүлүп, медициналык экспертиза дайындалган:
Замир Сыдыков
"Биринчи арыз 3-январда Кара-Суу районунун тургуну, 1990-жылы туулган аялдан түшкөн. Ал арызында кызы окуган, Ош шаарындагы жеке мектептердин биринин 1978-жылы туулган айдоочусу 2018-жылы туулган кызына карата "сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жүргүзгөн" деген мазмундагы арыз менен кайрылып, айдоочуга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган. Бул факт Ош ШИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алгачкы кароодо денесинде жабыркаган жерлер аныкталган эмес. Жабырлануучу кызды анын мыйзамдуу өкүлү, адвокаты, соцпедагог жана социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерлери бир нече жолу сураган учурда көрсөтмө бере алган эмес. Учурда окуяны тактоо максатында тергөө иштери уланып жатат".
Замир Сыдыков экспертизалардын корутундусу менен тергөө бул окуяга так юридикалык баа берерин, бүгүнкү күндө корутунду чыга электигин кошумчалады.
Ал эми экинчи арыз, Сыдыковдун айтымында, сөз болуп жаткан айдоочудан түшкөн. Ал киши Кара-Суу районунун тургундары кармап кетип, үйлөрдүн бирине алып барып, кордук көрсөткөнүн, күнөөнү мойнуна алууну талап кылышканын айткан жана аларга чара көрүүнү суранган:
" Ал "12 саат бою колумду зым менен байлап кыйнашты, жети жашар кызга ыплас аракет кылганыңды моюнуңа аласың деп коркутушту" деген мазмундагы арыз менен кайрылды. Бул арыз боюнча жарандар тобу адамды эркинен мыйзамсыз ажыратуусу боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатат".
Окуянын чоо-жайын, чын-төгүнүн тийиштүү мекемелер териштирет, бирок Кыргызстанда балдар ар кандай зордук-зомбулукка кабылган окуялар жок эмес. Өткөн жылы Ош шаарында жаш балдарга ыдык көрсөтүлгөн эки окуя катталып, иш сотко жиберилген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2-январдагы жалпы коомдук коопсуздук, үй-бүлөлүк зордук-зумбулукка каршы эскертүүсүндө кайсы адам болбосун, ага каршы күч колдонуу, коркутуу, психологиялык басым жасоо жана кемсинтүү мыйзам бузуу болуп саналарын белгиледи.
"Милиция аялдарга, балдарга жана улгайган жарандарга карата зомбулук фактыларына өзгөчө көңүл бурат. Ар бир мындай билдирүү принципиалдуу түрдө каралып, ыкчам чаралар дароо көрүлөт", - деп айтылды ИИМдин билдирүүсүндө.
ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда балдарга карата ыдык, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көбөйдү. Бул тууралуу "Биринчи радиого" курган маегинде министрликтин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылова билдирди:
"Балдарга карата зомбулук күчөп жатат. Бул чындык. Биз ата-энелерге, жер-жерлердеги тийиштүү мекемелерге алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тааныштары, туугандары жасаган сексуалдык ыдыктын, кылмыштардын саны өстү деп айта алам".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Кызым ыдыкка кабылды". Милицияга эки башка арыз түштү