Орус армиясы Украинанын аймагына "Орешник" баллистикалык ракетасы менен сокку урду

Киев шаары дрондор жана ракеталар менен аткыланды. Орус армиясынын чабуулунун натыйжасында өрт тутанды. Днепровский району, Киев, 2026-жыл 9-январь.

Орусиянын армиясы Украинанын аймагына өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлиги 9-январга караган түнү жасалган сокку президент Владимир Путиндин Валдайдагы (Долгие Бороды) резиденциясына болгон “чабуулга” жооп катары жасалганын билдирип, “Орешник" колдонулганын ырастады.

Буга чейин Украинанын Аба күчтөрүнүн “Батыш” командачылыгы Львовдогу инфраструктура объектилерине сокку урууда Орусия баллистикалык ракета колдонгонун билдирген.

“Ракета баллистикалык траектория менен саатына болжол менен 13 миң чакырым ылдамдыкта учту”, — деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын Аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат Орусия ракетаны Астрахань облусундагы Капустин Яр полигонунан учурганын айтты. Дал ушул полигондон 2024-жылдын 21-ноябрында дагы баллистикалык ракета менен Днепр шаарына сокку урулган. Ошондо Владимир Путин Москва “Орешник” баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнүн билдирген.

Орус бийлигинин 29-декабрда Путиндин резиденциясына чабуул жасоо аракетинин артында Киев турган деген дооматтарын украин жетекчилиги четке каккан. Ал тургай Американын Борбордук чалгын кызматы да украин күчтөрү резиденцияга чабуул урганы тууралуу маалымат жалган экенин билдирген.

Американын Киевдеги элчилиги 8-январдын кечинде адаттан тыш коопсуздук эскертүүсүн жарыялады. Бул Москва Вашингтонду кооптондуруп албоо үчүн АКШ бийлигин алдын ала кабардар кылган болушу мүмкүн деген божомолдорго негиз берди. Украина президенти Владимир Зеленский да жапырт аба соккусу болушу ыктымал экенин эскерткен.

Ракеталык соккунун так кесепеттери жана жабыркагандардын саны белгисиз. Telegram жана башка платформаларда Львов облусундагы байкоо камераларынан алынган видеолор жарыяланып, анда жерди көздөй алты объект түшүп баратканы көрүнгөн. Маалыматтарга караганда, “Орешник” алты дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовый чабуул критикалык инфраструктура объектисин бутага алганын, окуя болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп жатканын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига X социалдык тармагы аркылуу “Евробиримдик менен НАТО чек арасына жакын мындай сокку Европа континентинин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жана трансатлантикалык коомчулук үчүн сыноо. Биз Орусиянын жоопкерчиликсиз аракеттерине катуу жооп берүүнү талап кылабыз” деди.

Сибига Украина эл аралык деңгээлде чара көрөрүн, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынын жана Украина–НАТО кеңешинин жолугушуусун чакырууну демилгелей турганын да жарыялады.

“Орешник” менен жасалган сокку дрондор жана ракеталар менен коштолгон түнкү жапырт чабуулдун бир бөлүгү болду. Расмий маалыматтарга ылайык, борбор калаада кеминде төрт адам каза болуп, 24 киши жаракат алды.

Ошол эле маалда Украина да Орусияга каршы өзүнүн аба чабуулдарын күчөттү.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунда губернатор Вячеслав Гладков коммуналдык инфраструктурага сокку урулгандан кийин жарым миллиондон ашуун адам электр жарыксыз жана жылуулуксуз калганын билдирди. Дээрлик 200 миң киши суусу жок калган.

Дагы караңыз

Өзгөн районунда милициянын үч кызматкери кармалдыИранда бийликтин басымына карабастан нааразылык акциялары күчөдүМиннеаполисте иммиграция кызматкери аялды атып салгандан кийин нааразылык акциясы өттү