Экс-депутаттын аялы зомбулукка байланыштуу УКМК башчысына кайрылды

Иллюстрация. Аялдарга карата зомбулукка жол берилгис экенин билдирген лента.

Өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин жубайымын деп тааныштырган Батма Ормонова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал жолдошунан зомбулук көрүп келгенин айтып видео кайрылуу жасады.

Анда беш баланын энеси, 60 жаштан ашкан аял өзүнүн жана балдарынын коопсуздугу коркунучта экенин белгиледи:

“Кайсыл күнү кирип келип мени чаап кетет деп коркунучта жашап жатам. Азыр көчөдө калуу коркунучунда турам. Анткени үйдөн чык, акың жок, бул эжемдин үйү деп кубалап жатат. Биз жашап жаткан үйдү өзүбүз уста багып салганбыз. Кайра-кайра аял алганын балдарым үчүн кечирип отурсам, үйгө келип мага, балдарга кол көтөрүп, өмүрүбүзгө коркунуч жараткандыктан коомчулукка чыгууга аргасыз болуп жатам”, - деген экс-депутаттын жубайымын деген аял.

Ал видео кайрылуусунда экс-депутатты көп аялдуулукка айыптаган. Айрым маалымат каражаттары Батма Ормонованын видео кайрылуусун жарыялады.

Аккулу Бердиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

УКМК бул кайрылууга жооп бере элек.

Бердиев Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Адахан Мадумаровдун ордуна депутат болуп келген.

2015-жылы "Республика Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланган. 2021-жылкы шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 15-катарда катышкан.

Дагы караңыз

Украинанын эки облусу дрон жана ракета чабуулуна кабылдыОрусиянын Волгоград облусунда дрон соккусунан мунай базасы өрттөндүКургак учук аныкталган мектептин окуучуларында инфекция катталган жок"Бай-кедей деп тандабайт". Кургак учук качан жеңилет?