10-январь, ишемби күнү Киевде электр энергиясы өчүрүлдү. Украинанын борборунда ушул эле күнү суу жана жылуулук берүү системасынин иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу шаар бийлиги кабарлап, авариялык өчүрүү тууралуу “Укрэнерго” буйрук бергенин билдирди.
Бул өчүрүүлөр орус армиясынын Украинанын энергетикалык инфратүзүмүнө жасалган соккуларына байланыштуу экени кабарланды.
Киев 9-январга караган түнү дагы чабуулга кабылып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Мэр Виталий Кличконун белгилешинче, көп кабаттуу үйлөрдүн жарымынан көбү жылуулуксуз калган. Ремонт иштеринен кийин жылуулук берүү системасы жарым-жартылай калыбына келтирилген. Кличко калаа тургундарына кайрылып, мүмкүнчүлүгү барларды убактылуу шаардан чыга турууга чакырды.
Облустук администрация башчысы Тимур Ткаченко 10-январда электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандан бир саат өткөндө көйгөй чечилгенин, Киевде маал-маалы менен өчүрүүлөр боло турганын билдирди.
Учурда Киевде абанын температурасы -10 градусту көрсөтүп, улам төмөндөөдө.