Былтыр Сауд Арабиясына 144 аргымак экспорттолду

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан 2025-жылы Кытайга 23 тонна кургатылган өрүк, Сауд Арабиясына 144 жылкы экспорттоду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалыматында, Кытай менен жүн, кашемир, төө буурчак, тоок эти боюнча сегиз протокол, термикалык иштетилген эт жана тери боюнча үч протокол макулдашылган.

Мындан тышкары маалыматта шарап, өсүмдүк майы жана жашылча экспорттоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатканы жазылган.

Министрлик Европа Биримдигине бал экспорттоого уруксат алуу процесси уланып жатканын, Британияга буга чейин 298 кг бал экспорттолгонун белгилеген.

"Кургатылган жер-жемиш, бал жана башка кайра иштетилген продукцияларды Wildberries маркетплейси аркылуу сатуу кеңейип, санариптик экспорт 2025-жылдын маанилүү багыттарынын бирине айланууда", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын былтыркы жылдын он айындагы тышкы соодасы 12,8 млрд доллардан ашкан. Өлкө тышкы соодасынын үчтөн бирин (36,6%) Кытай менен жүргүзөт. (ST)

Дагы караңыз

Сасык тумоо жана КРВИ жуккан учурлар азайдыДекларация: Садыр Жапаров былтыр 2 млн сомдон ашуун киреше тапканМанас таануучу Раиса Кыдырбаева дүйнөдөн өттү