Украинадагы уруштун узактыгы Улуу Ата Мекендик согуштукуна теңелди

11-январга караган түнү Украинадагы согуштун узактыгы Улуу Ата Мекендик согуштукуна теңелди. 2022-жылдын 24-февралынан тартып эсептегенде согуш 1418 күндөн бери жүрүп жатат.

Түндө Украинага 154 дрон чабуул койду. Алардын 125ин Украинанын Куралдуу күчтөрү атып түшүргөн. 18 жерде 22 сокку урулганы катталган.

Орусиянын дрондору Харьков шаарына да сокку урду. Шаар мэри Игорь Тереховдун маалыматында, Слободской районунда дрон инфраструктуралык объектке тийип, өрт чыккан.

Таң эрте ошол эле районго дагы бир сокку урулган. Украинанын Улуттук полициясынын маалыматына ылайык, облуста жалпысынан сегиз адам жараат алган.

Орусиянын соккуларынын кесепетинен Запорожье облусунда жана Днепропетровск облусунун айрым бөлүгүндө электр энергиясы бир нече саатка толугу менен өчүрүлдү. Орусиялык чабуулдан үч адам жараат алганын Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Житомир облусунда орусиялык дрондор маанилүү инфраструктура объектилерине сокку урган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Виталий Бунечконун маалыматына ылайык, эки адам жабыркаган. Аба чабуулун эскерткен айгайдын кайра-кайра жаңырышы өрт өчүрүү иштерин татаалдаштырган.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибиганын билдиришинче, бүгүн Киевдин талабы менен БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын "Орешник" баллистикалык ракета комплекси колдонулган чабуулун талкуулоо үчүн чогулат.

Орусиянын армиясы 9-январда Украинанын аймагына өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлиги сокку президент Владимир Путиндин Валдайдагы (Долгие Бороды) резиденциясына болгон “чабуулга” жооп катары жасалганын билдирип, “Орешник" колдонулганын ырастаган.

Дагы караңыз

Финляндия да мина колдонбоо келишиминен чыктыКыргыз өкмөтү төрт жылда "Белес" автобусунан бирди да алган жокБылтыр Сауд Арабиясына 144 аргымак экспорттолду