Мальтада эс алып жүргөн кыргызстандык жаран деңизге чөгүп каза тапты

Мальтадагы деңиз жээги. Иллюстрациялык сүрөт.

Мальта мамлекетинде деңиз жээгинде эс алып жүргөн кыргызстандык аялды толкун алып кетип каза болгонун, экинчиси жаракат алганын жергиликтүү Times Of Malta басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү 48 жаштагы кыргызстандык аял Сент-Жорж булуңунда толкун тартып кеткенден кийин каза болгон. Анын жанындагы 23 жаштагы кызы ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө ылайык, окуя тууралуу маалымат саат 12:40 чамасында түшкөн. Алгачкы иликтөөлөрдө деңиз жээгинде жүргөн бир нече адам эки аялды суудан чыгарып, жардам көрсөткөнү аныкталган.

Кийинчерээк медициналык кызматкерлер жана Жарандык коргоо кызматкерлери келип, аялдарды Тез жардам менен Матер Дей ооруканасына жеткиришкен.

11-январда социалдык тармактарга Мальтада каза тапкан аялдын жакындары жардам сурап, кайрылуу жарыялашты. Алар маркумдун телефондору жана документтери сууга агып кеткенин айтышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азыр бул кырсыкка байланыштуу Италиядагы элчилик иштеп жатканын билдирди. (ZKo)

Дагы караңыз

Украина Каспийдеги мунай бургуларын бутага алганын кабарладыИран: 500дөн көп киши өлүп, 10 миңден ашык адам кармалганы кабарландыИранда кеминде 116 киши каза болгону жана 2,5 миңдей демонстрант кармалганы маалымдалды Буданов украин армиясындагы олуттуу көйгөйлөрдү айттыАКШ армиясы "Ислам мамлекетинин" Сириядагы объекттерине сокку урду