Кыргыз гидрометтин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 16-17-январда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
17-18-19-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда -30…-35° чейин түшүшү мүмкүн.
Эртең, 15-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртен менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 11…13° жылуу болот.