Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салык кызматынын мурдагы башчысы Алтынбек Абдувапов баш болгон салыкчылар мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом төгүшкөнүн кабарлады. Атайын кызмат 14-январда тараткан маалыматында "алардын көрсөтмөлөрү менен салык кызматындагы коррупциялык схема аныкталганы" айтылат.
Мунун алдында эле Салык кызматындагы коррупцияга байланыштуу кармалган мурдагы жетекчилерге райондук соттун өкүмү чыгып, алар үй камагына бошотулганы белгилүү болгон эле.
Райондук соттун чечими, УКМКнын түшүндүрмөсү
Бишкектин Ленин райондук сотунан кабарлашкандай, Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго айыппул салынып, класстык чиндеринен ажыратылды. Өздөрү сот чечими күчүнө киргенче үй камагына чыгарылды.
Алтынбек Абдуваповго сот чечими менен 400 миң сом, ал эми Исламбек Кыдыргычовго 300 миң сом айыппул төлөө милдеттендирилди. Экөөнө тең кызматка турууга жана айрым ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды. Мындан тышкары алардын класстык чиндери алынып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.
Иштеги дагы бир айыпталуучу Т. А. аттуу жаранга да 300 миң сом айып тагылды.
УКМК аларды 2024-жылы декабрда камакка алып, коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон ишинин алкагында кармалганын билдирген.
Дагы караңыз
ЭлТРдин иликтөөсүндө мурдагы салыкчы Абдуваповдун "коррупциялык ишине аялы да аралашканы" айтылдыРайондук соттун чечими декабрдын соңунда эле чыккан экен. Бул тууралуу маалымат каражаттары эми гана жазып чыкты. Убагында катуу талкуу жаратып, өтө ири суммадагы коорупциялык иштер боюнча айыпталган өлкөнүн башкы салыкчыларына карата сот өкүмү коомчулуктун талкуусун жараткан.
14-январда УКМК салык кызматындагы коррупцияга байланыштуу кармалган мурдагы жетекчи Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго чыккан сот өкүмүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда аты аталган мурдагы жетекчилер Кылмыш-жаза кодексине коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин (337-беренесинин 3-бөлүгү) негизинде козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганы белгиленген. Атайын кызматтын билдиришинче, кылмышка шектүү салыкчылар Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясы боюнча соттолгон. Анда айыпталуучу (соттолуучу) күнөөсүн моюнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айыппул салуу каралган.
"А.А.К. жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан", - деп билдирди УКМК.
Маалыматка караганда, 2025-жылы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, ошондой эле алардын кирешеси пландаштырылгандан 40 миллиард сомго көбөйгөн.
"55 миллион долларлык мүлк", чуулуу иш
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет башкы салыкчыларды былтыр декабрда кармаган. Атайын кызматтын 2024-жылдын 6-декабрындагы маалыматына караганда, аты аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган. Ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин "көмүскөдө" калтырууга жардам бергени айтылган.
Мындан көп өтпөй УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги, Оштогу мамлекеттик кызматкерлердин жыйынында Салык кызматындагы коррупциялык схемалары тууралуу айтып, мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирген. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айткан.
Камчыбек Ташиев
"Абдувапов Салык кызматында 10 жылдан ашык убакыт иштеген. Башка бизнес кылбайт. Башка жеке жактарда иштебейт. Бирок кантип 55 миллион долларды жыйнап жатат? Мына, кызматкерлер "айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин пара берип турчубуз" деп айтып жатат. Бул Салык кызматындагы коррупциянын деңгээли. Биз анын баарын толугу менен конфискациялайбыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Эми мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай болуп мамлекеттик кызматта иштеп, байып, андан кийин сотко, дагы башкага кичине берип коюп, кайра чыгып алып "жип" минип, ойноп-күлүп жүрбөйт", - деген Ташиев.
Дагы караңыз
Коррупцияга каршы күрөш: жоон топ аткаминер камалган, "кустуруу" уланган жылНоябрь айында ЭлТР телеканалы “Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана башка салыкчылардын коррупциялык схемасы” тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда салыкчылар ишкерлерден үч схема боюнча мыйзамсыз каражат чогултуп турганы, андан Кыргызстандын бюджети 2024-жылдын 11 айында 34 млн 602 миң доллар зыян тартканы айтылат. Коррупциялык жол менен табылган каражатты Алтынбек Абдувапов аялы аркылуу адалдап, чет жактан кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алганы баяндалган.
Бул билдирүү тууралуу Абдуваповдун жакындары комментарий берген эмес.
Салыкчыларга карата чыккан соттун өкүмүнөн кийин социалдык тармактын колдонуучулары нааразылыгын билдирип, жеңил жаза берилгенин сындап чыгышкан. Анда айрымдары соттун адилеттигинен күмөн санашса, кээ бири Ташиевдин айткандары аткарылбай калганын белгилешкен.
Мында ушундай күмөн саноолор болбошу үчүн сот процесстери ачык болушу керек деп эсептейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдувахаб Нурбаев:
Абдувахаб Нурбаев
"Айыппул төлөп чыгыптыр дегенди мен дагы окудум. Маселе соттун ачык болгондугунда болууда. Буга чейин соттук териштирүүлөр иштери ачык болот, мыйзамга киргизип жатабыз, видео аркылуу көрүп турушат деп айтып жатышты эле. Соттун ачык болбогону ушундай бүдөмүк ойлорду жарата берет. Кантип, эмне болду, эмне үчүн, кандай болгону эч кимде маалымат жок. Ачык болуп, эл дагы көрсө мындай суроолор жаралбайт эле. Ачык-айкындуулук болуш керек, ким канча күнөө кетирди, ким канча жеп койду, канчасы далилденди, канчасын төлөдү дегендер элге дагы чыгып турса күмөн ойлор жоголот. Жалпысынан жөнөкөй эл кабылып жаткан жолдогу, архитектура, билим берүүдөгү коррупциялык иштер кыйла азайды, муну айтып коюш керек", - деди Нурбаев.
Активист Мавлян Аскарбеков бул иш боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
Мавлян Аскарбеков
"Ташиевдин өзүнүн сөзүндө айтылып, коомчулукка жарыяланган. Коррупциялык иштерге байланыштуу эбегейсиз каражат жок болуп кеткенин, салыкчылар дагы ошонун негизинде камалганын, алар жоопко тартыларын айткан эле. Эми аны коомчулук күтүп жаткан, азыр болбогон айыппул менен абактан чыгып жатканын угуп, сот системасына эле эмес, айтылган сөз ишке ашпай жатканына, калыстык, акыйкатсыздык болуп жатканына нааразы болуп жатабыз".
Дагы караңыз
Коррупцияга каршы күрөш: Мамлекетке кайтарылган мүлк, менчикке болгон укук2025-жыл коррупцияга каршы мыйзамдын катталдашы менен башталган. Президент Садыр Жапаров жыл так жаңырар алдында, 2024-жылдын 31-декабрында паракорчулукка айыпталган адамдарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.
Ага ылайык, “коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.