Былтыркы жыл эң ысык жылдардын үчилтигине кирди. 2023-жылга караганда 0,1°C жана андан мурункуга караганда 0,13°C салкынырак болду. Адистер мындай көрүнүштү камтама жараткан тенденция деп баалашат.
Еврошаркеттин Коперник борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылы глобалдык орточо температура 14,97°C түздү.
Аба ырайына байкоо салынган 176 жылдан бери акыркы 11 жыл эң ысык болуп калганын шаршембиде жарыяланган доклад тастыктайт. Баяндама Жер планетасындагы климатка көз салган Коперник борбору, АКШнын НАСА агенттиги жана БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму тарабынан даярдалган.
Экологдор мындай ыргак менен кете берсе абанын табы Париж келишиминде белгиленген чектен ашып кетерин белгилешет.
Адаттан тыш аптаптын капташына абага чыккан зыяндуу газдардын азайбаганы, токойлордун кыйылганы, океандын айрым бөлүктөрүндөгү суунун ысышы жана башка факторлор түрткү болууда.