Трамп Иранда өлүм жазасы токторун айтты, аскердик аракет ыктымалдыгын четке каккан жок

Тегеран. 2026-жылдын 14-январы.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран демонстранттарды өлүм жазасына тартпай турганын айтты. Тегеран өкмөткө каршы акцияларды басуу, маалыматты тышка чыгарбоо максатында Интернетти жандыра элек. Бул арада Трамп Вашингтон Ирандагы кырдаалга кийлигишиши мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ президенти Дональд Трамп "өтө маанилүү булактарга таянып" билдиргендей, Иран нааразылык акциясына чыккан жарандарын өлүм жазасына тартпай турган болду. Бирок Кошмо Штаттардын Тегеранга каршы аскердик аракет ыктымалдыгы жогору бойдон кала берүүдө, Жакынкы Чыгышта чыңалган абал да ошо бойдон.

Трамп администрациясынын маалыматына таянып "Иранда адам өлтүрүү токтоп жатат, өлүм жазасына тартуу планы жок" деп 14-январда айтты жана мындай маалымат ал жактагы "өтө маанилүү булактардан алынганын" белгиледи.

Ошону менен катар АКШ президенти эми аскердик аракеттер ыктымалдыгы кандай болору тууралуу суроого: "Биз кырдаал кандай болорун байкап жана карап турабыз" деп жооп берди.

Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан HRANA көз карандысыз укук коргоо уюму 13-январга карата ырасталган жана текшерилген маалыматтарга таянып, нааразылык акцияларында каза тапкандардын саны 2403 адамга жеткенин, дагы 18 миңден ашуун киши кармалганын билдирген.

Айрым уюмдардын маалыматына караганда, каза болгондордун чыныгы саны мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Ал эми Трамп Тегеранды "абдан катуу чаралар" күтүп турганын эскертип, демонстранттарга "жолдо жардам келе жатат" деп убада берген.

Интернетти көзөмөлдөгөн NetBlocks уюму 14-январдагы билдирүүсүндө Иран дагы эле онлайн эмес экенин кабарлаган.

"Интернеттин өчүрүлгөнүнө 132 сааттан ашты. Алгачкы маалыматтар миңдеген адамдар курман болгонун көрсөтүүдө. Байланыштын жоктугу курман болгондордун чыныгы масштабын жашырып жатат", — деп кошумчалады уюм.

Иранда элдик толкундоолор былтыр 28-декабрда башталган. Башында нааразылар экономикалык кризиске - улуттук акча риалдын кескин арзандашына, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу талаптарды айтып чыккан. Интернет өчкөнгө чейин 120дай шаарга жайылган толкундоолордо кийинчерээк бийликке каршы ураандар жаңыра баштаган.

Адам укуктарын коргоо уюмдары кармалган демонстранттардын бири 26 жаштагы Эрфан Солтани 14-январда өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин билдиришти. Ал нааразылык акцияларына катышканы үчүн "Кудайга каршы согуш ачты" деген айып менен кармалганына алты күн болгон.

Эгер бийлик бул өкүмдү ишке ашырса бул нааразылык акцияларына чыккан демонстрантка карата аткарылган биринчи өлүм жазасы болот. Адам укуктарын коргоо уюмдары акыркы күндөрү он миңдеген адам кармалганын билдирип, Тегеран жапырт өлүм жазасын ишке ашыруусу мүмкүн деген кооптонуусун айтууда.

"Учурда тастыкталган сандар курман болгондордун чыныгы санынан өтө төмөн болушу мүмкүн. Өлкө боюнча жапырт кыргын болгону тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар. Ошондой эле айрым адамдар “Жараткандын душманы” деп айыпталып жатканы кабарланууда. Иран мыйзамдарына ылайык, мындай айып өлүм жазасына жеткириши мүмкүн. Мындан тышкары, 8-январдан бери интернет толук жана масштабдуу өчүрүлүп, бул Ирандын коопсуздук күчтөрү жасаган өлтүрүүлөрдү жана башка мыйзам бузууларды ырастоого олуттуу тоскоолдук жаратууда"-дейт Human Rights Watch уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка бөлүмү боюнча адвокация жана коммуникация директору Ахмед Бенчемси.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран нааразылыкка чыккандарды өлүм жазасына тарта баштаса Кошмо Штаттар “абдан олуттуу чара көрөрүн” билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер 13-январда Детройтто CBS телеканалына курган кыска маегинде айтып, бирок конкреттүү кандай чаралар көрүлөрүн тактаган жок.

Бирок Reuters 14-январда үч дипломатка таянып жазганына караганда, Иран АКШ коркутууларын ишке ашырса кошуна мамлекеттерде жайгашкан америкалык базаларга жооп кайтарарын билдирген.

Соңку башаламандык Тегеран өткөн жылы Израил менен болгон согуштан кийин али толук калыбына келе элек маалда тутанды.

Ал согуш учурунда Кошмо Штаттар Ирандын өзөктүк объектилерине багытталган аба соккуларына кошулган.

Мындан тышкары, Ирандын аймактык позициясы да союздаштарына жасалган соккулардан улам алсырап калган.

Дональд Трамп Иранга карата бир нече вариантты карап жатканы айтылууда. Алардын арасында чектелген аскерий соккулар, Ислам революциясынын сакчылар корпусуна каршы (IRGC) багытталган кеңири масштабдагы чабуулдар, толук экономикалык блокада жарыялоо же Ирандын коопсуздук органдарынын байланыш жана чечим кабыл алуу системаларын үзгүлтүккө учуратуу максатындагы киберчабуулдар бар.

Ирандын ичиндеги бир журналист 13-январда "Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясына караштуу "Фарда" радиосуна жөнөткөн билдирүүсүндө таксист менен болгон маегин айтып берген. Анын айтымында, таксист коопсуздук күчтөрү медициналык мекемелерге кол салып, жарадар болгон демонстранттарды уурдап кетип, айрымдарын ошол жерден өлтүрүп жатканын айткан.

Бул билдирүүлөрдү "Азаттык" радиосу өз алдынча ырастай алган жок. Бирок алар адам укуктарын коргоо уюмдарынын маалыматы жана өлкө ичиндеги башка булактар тараткан, нааразылык акцияларына каршы жүргүзүлүп жаткан басымдын өзгөчө катаалдыгы жана демонстранттардын «жапырт түрдө өлтүрүлүп жатканы» тууралуу кабарлар менен дал келет.

Иранда өкмөткө каршы нааразылык акцияларында канча киши өлгөнү так белгисиз. Норвегияда турган Iran Human Rights алты миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирсе, Reuters агенттиги Иран бийлигинин өкүлүнө таянып эки миңдин тегерегинде экенин жазды.