Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранда коопсуздук күчтөрүнүн катуу басымына карабай көчөгө чыккан демонстранттарга колдоо билдирди. Өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга каршы беш күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциялары бир нече адамдын өмүрүн алып, ондогон киши камалды.
Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон. Кийинчерээк акциялар өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.
1-январда мамлекеттик маалымат каражаттары жана эл аралык укук коргоо уюмдары демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууларынан кеминде жети адам каза болуп, ондогон киши жаракат алганын кабарлашты. Бийликке ыктаган агенттиктер зомбулук үчүн “башаламандык уюштургандарды” айыпташты. Иран бийлиги бул маалыматтарды расмий бышыктай элек, ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматы ("Фарда" радиосу) бул кабарларды өз алдынча текшере алган жок.
«Эгер Иран көнүмүш адатына салып тынч демонстранттарды атып, зулумдук менен өлтүрө баштаса Америка Кошмо Штаттары жардамга келет. Биз толук даярбыз", — деп жазды Дональд Трамп 2-январда Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү 2-январда "Фарда" радиосуна жиберген комментарийинде "нааразылык акциялары ирандыктардын өкмөттүн ийгиликсиздигине жана актанууларына болгон кыжырдануусун көрсөтүп жатат" деп билдирди.
Мамдепартаменттин билдирүүсүндө Иран режими "өлкөсүнүн байлыгын дүйнө жүзүндө террорчулукту колдоого жана өз элин басмырлоого коротуп жатканын", ал эми ирандыктар "жакшы жашоого татыктуу экени" белгиленет.
"Биз режимге максималдуу басым көрсөтүүнү улантабыз", — деди департамент.
Иран президенти Масуд Пезешкиан чыңалууну басаңдатууга аракет кылып, ирандыктардын "мыйзамдуу талаптарын" моюнга аларын айтып, экономикалык каатчылыкты жеңилдетүү үчүн чара көрүүгө чакырды.
"Исламдын көз карашынан алып караганда… эгер элдин жашоо-тиричилик маселесин чечпесек, тозокко барабыз", — деди ал мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда.
Анткен менен коопсуздук күчтөрүндөгү катаал турумду кармангандар нааразылык акцияларына жана "абалдан пайдаланып башаламандык уюштургандарга" каршы "катуу чара көрүлөрүн" убада кылды.
Теннесси университетинин доценти Саид Голкар бул толкундоолор "экономикалык нааразычылыктардан улам чыкканы менен анын түпкү себеби режимдин басымчыл саясаты, идеологиясы жана жөндөмсүздүгүндө" экенин жазды.
Ал эми Берлинде жайгашкан Жакынкы Чыгыш жана глобалдык тартип борборунун негиздөөчүсү Али Фатхолла-Нежад 30-декабрда белгилегендей, Ирандагы акциялардын себеби "валютанын арзандашы, суу жана электр энергиясынын тартыштыгы, күйүүчү майдын кымбатташы, инфляциянын гиперинфляцияга жакындашы, экологиялык кыйроо сыяктуу кризистер чогулуп калышында".
Каза болгондор тууралуу маалыматтар
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын Fars агенттиги өлкөнүн түштүк-батышындагы Лордеган шаарындагы кагылышууларда эки адам каза тапканын билдирди. Норвегияда жайгашкан Hengaw укук коргоо уюму да коопсуздук күчтөрү ок атып, эки демонстрант өлүп, бир нечеси жаракат алганын маалымдады. Уюм ошондой эле 31-декабрда Исфахан провинциясында бир киши каза болгонун кошумчалады.
Кийинчерээк Fars агенттиги Ирандын батышындагы Азна шаарында (Лорестан провинциясы) коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусунан үч киши каза болуп, 17 адам жаракат алганын жазды. Бул маалыматтар расмий такталган эмес.
Ошол эле маалда Ислам революциясынын сакчылар корпусу 1-январда Лорестан провинциясындагы Кухдешт шаарында алардын Басиж ыктыярдуу бөлүгүнүн бир мүчөсү каза болгонун билдирди.
Камакка алуу көбөйүүдө
"Тасним" агенттигинин маалыматына караганда, Тегеранда "коомдук тартипти бузган" деген негиз менен кеминде 30 киши кармалды. Камакка алуулар бир катар башка провинцияларда да катталды.
Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, 1-январда Тегеранда базарлар кайра жабылып, соодагерлер көчөгө чыгышкан. Алар инфляциянын кесепетинен жашоо күндөн күнгө кыйындап жатканын айтууда.
Олуттуу чакырык
Ирандагы толкундоолор 2022-жылдын сентябрынан берки эң ири нааразылык акциялары болуп калды. Анда 22 жаштагы ирандык студент Махса Амининин өлүмүнөн кийин ири толкундоолор тутанган.
Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади 1-январда "Фарда" радиосуна курган маегинде "Акыркы нааразылыктар бир чындыкты ачык көрсөттү. Көптөгөн ирандыктар азыркы түзүлүш өлкөнү толук кыйратканга чейин, кандай гана баа менен болбосун, мүмкүн болушунча тезирээк кетиши керек деп чечишти" деген пикири менен бөлүштү.
Экономикалык кысым, 50 пайыздан ашкан инфляция жана иран риалынын кескин арзандашы учурда Иран коомун түп-тамырынан солкулдатып жаткан негизги факторлор бойдон калууда.
Шерине