Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилди. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди.
Анын сөзүнө караганда, ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуйт. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт.
В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программасы да бекитилди. В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. Ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.
Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, машинени коопсуз айдоонун негизги жоболору, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам көрсөтүү, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздери, айдоочунун этикасы жана практикалык айдоо киргизилген.
Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. Окуунун баасы тууралуу кийинки жумада маалымат берилери айтылды.
Кыргыз бийлиги өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция болуп жатканын билдирип, мыйзамсыз иштерди токтотуу үчүн күбөлүк берүү катаалдап жатканын кабарлаган.
"Автомектептер ассоциациясынын" мүчөлөрү 12-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, анда 80ден ашуун жеке автомектеп ээлери президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Алар айдоочуларды окутуу мөөнөтүн узартууну 1-сентябрга чейин жылдырууну суранышкан.(BTo)