"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамдын 8-беренесине ылайык, телерадиоканалдарда мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалар жана берүүлөр 60 пайыздан кем болбошу керек. Бул тууралуу 15-январда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өлкөдөгү телеканалдар, "Кыргызфильм" жана "Кыргызсериал" мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйында билдирди. Анда телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Тагаев 2025-жылы жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамдан четтеген учурлар катталганын айтты:
“Жеке телеканалдардын өз стратегиясы менен өнүгүүсүнө тоскоол болбойбуз. Бирок мыйзамдын талаптары, айрыкча кыргыз тили боюнча нормалар сөзсүз сакталууга тийиш. Айрым жеке телеканалдар мыйзамдын талабын аткаруу максатында гана он жыл мурдагы бир кыргызча программаны күн сайын кайра-кайра көрсөткөн көрүнүштөр бар. Алар мындай жол аркылуу мыйзамдын талабын аткарган менен керектөөчүлөрдүн, телекөрүүчүлөрдүн да укугун бузуп жатат. Бул телекөрүүчүнү сыйлабастык".
Тагаевдин маалыматына караганда, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда иш алып барган бардык телеканалдарга “Кыргызфильмдин” казынасында турган 400дөн ашык толук метраждуу жана документалдуу тасмаларды, 40тан ашык анимациялык мультфильмдерди жана акыркы жылдары “Кыргызсериал” мекемеси тарабынан тартылган 10дон ашык сериалдарды бекер берүүнү чечкен.
Ал ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган телеканалдар 1,5 айдын ичинде бул мекемелер менен келишим түзүп, контентин толуктоосу зарылдыгын эскертип, март айында контенттин сапатын жана мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөчү текшерүүлөр башталарын билдирди. Белгиленген мөөнөттө келишим түзбөй, сунушту эске албаган телерадио каналдарга чара көрүлөт. Былтыр мыйзам бузган 18 телерадио каналга эскертүү берилип, төртөөнө айып пул салынган.
Учурда Кыргызстанда 42 телеканал иштейт, экөө - УТРК менен ЭЛТР телерадиоканалдары бюджеттен каржыланат.(ZKo)