Ооганстан-Пакистан чыңалуусу Бээжинге кандай таасир этет?

Ооганстан-Пакистан чек арасындагы Торкхам шаары

АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан чыгарылгандан кийин Кытай ооган согушунун аякташын аймактагы таасирин арттыруу, кен байлыктарына жол ачуу, экстремисттик топтордон чек арасын коргоо мүмкүнчүлүгү катары карап жаткан.

"Талибан" кыймылы башкарган Ооганстанда Бээжин өзүнүн экономикалык жана саясий таасирин кеңейтти.

Бирок Кабул менен Пакистандын ортосундагы согуштар, ошондой эле аймактагы кытайлык ишканалар менен алардын жумушчуларына кол салуулар Кытайдын кызыкчылыгына коркунуч жаратат. Жакында эле Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагында болгон кол салууда кытайлык беш жаран каза тапты.

Абалды эмне өзгөртө алат?

Эксперттердин баамында, Бээжин Ооганстанды өнүктүрүү аркылуу турукташтыруу жана Кытайдын жакын өнөктөшү саналган Исламабад менен Кабулдун кастыгын экономикалык кызматташтык аркылуу токтотууну көздөп жаткандай.

Бул план азырынча ишке ашпай турат.

«Кытайдын амбициялары Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы туруктуу мамиледен көз каранды болчу, бирок азырынча анда болбой турат», —деди Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун Ооганстан жана Пакистан боюнча иликтөө бөлүмүнүн директору Марвин Вайнбаум.

Кытайдын кланына соккулар

Былтыр октябрь айында Ооганстан менен Пакистан бири-бирине аскердик сокку урганда ондогон адам каза болгон. Пакистан Ооганстан менен чек арасын жапкан. Бул тараптардын ортосунда акыркы жылдардагы эң ири чыңалууга жол салып, кеңири масштабдуу согуш коркунучун жараткан.

Исламабад Кабулду Пакистандын ичинде козголоң салган "Техрик-е Талибан Пакистан" (ТТП) экстремисттик тобуна баш калка берген деп айыптады.

Ок атышууну токтотуу тууралуу убактылуу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, октябрь айынан бери эки мамлекеттин чек арасында маал-маалы менен ар кандай жаңжал чыгып келет. Ноябрдын аягында талибдер Ооганстандын аймагына абадан сокку урулганда кеминде 10 адамдын, анын ичинде тогуз баланын өмүрүн алды деп айыптап чыкты.


Пакистандык жоокерлер кол салуу болгон кадеттер мектебинин алдында турат. Ооганстан менен чектеш аймактагы Түштүк Вазирстан провинциясы. 13-ноябрь, 2025-жыл. Исламабад кол салуу үчүн ооган жарандарын айыптаган

Вайнбаумдун билдирүүсүндө, Бээжин эгерде Ооганстан менен Пакистандын ортосунда толук масштабдуу согуш чыкса, өзүнүн ибул өлкөлөрдөгү инфраструктуралык долбоорлору бузулат деп чочулайт.

«Бул жагдай Кытайдын пландарын бузуп жатат, анын абалды жакшыртууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок сыяктуу», - деди эксперт.

Бээжиндин "Бир алкак - бир жол" деп аталган эң чоң глобалдык долбоорунун бир бөлүгү - Кытай-Пакистан экономикалык коридору (CPEC) Пакистан аркылуу өтөт. Бирок, Исламабад 2015-жылы коридор ишке киргизилгенден бери 25 миллиард доллар гана инвестиция алган.

Пакистанда миңдеген кытай жарандары иштейт, ал жерде бийлик атайын полиция күчтөрүн түзүп, жүздөгөн текшерүү пункттарын ишке киргизген, чоң долбоорлор ишке ашып жаткан жерлерде көптөгөн тосмолорду орноткон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пакистан менен Ооганстанга Бээжин арачы болобу?

Кытайдын бийлиги акчадан көзү катып турган талиб өкмөтү менен мунай жана минералдык ресурстарды казуу тууралуу келишимдерге кол койду.

Бээжин Кытай-Пакистан экономикалык коридорун Ооганстанга чейин кеңейтүүнү убада кылган. Муну ал Борбор Азия менен Түштүк Азияны бириктирген көпүрө катары карайт.

Ошондуктан Кытай Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы эзелтен бери келаткан чыңалууну алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү аркылуу жеңилдетүүгө умтулууда.

2022-жылы Кытай Исламабадменен Кабулдун экономикалык жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн жогорку деңгээлдеги дипломатиялык форумдун ишин жанданткан.

Бээжин "Талибан" менен Пакистандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда ортомчу болгон, былтыр октябрдагы кагылышуудан кийин эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган.

«Кытай өтө тынчсызданат, анткени бул чыңалуу анын аймактагы, жада калса глобалдык масштабдагы кызыкчылыктарына доо кетирет», — деген көз карашта Ооганстан менен Пакистандагы согушкерлер топторун иликтеген Khorasan Diary сайтынын жаңылыктар бөлүмүнүн директору Ихсанулла Типу Мехсуд.

"Согушкерлер үчүн хаб"

Бээжиндин кызыкчылыктарына Ооганстандагы зомбулукту өлкөдөн сыртка чыгарбоо да кирет.

Мехсуддун баамында, Кытай согушкерлердин саны көбөйүп жатканына, анын ичинде Бээжинге каршы маанайдагылардын көп экенине жана Ооганстан-Пакистан толук масштабдуу согушу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө бушайман.

«Бээжин Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясы согушкерлердин түнөгүнө айланып баратканына тынчсызданууда», — дейт Мехсуд.

Тоолуу Бадахшан аймагы Пакистан менен чектешет, Ооганстанды Кытайдын Шинжаң аймагы менен байланыштырган кургактагы жападан-жалгыз жол.

Былтыр ноябрдын этегинде Бадахшандан жасалган эки жолку чабуулда кытайлык беш жумушчу каза таап, дагы бешөө жараат алган. Жараат алгандар биринчи чабуул учурда Тажикстандын түштүгүндөгү тажик-кытай биргелешкен алтын компаниясында иштеп жаткан. Экинчи жолкусунда жол салган кытайлыктар каза болгон.

Бул аймактагы кытай жумушчулары кабылган биринчи чабуул эмес. Өткөн жылы Тажикстандын түштүгүндөгү кол салууда бир кытай жараны каза болуп, төртөө жаракат алган. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун булактары ошол учурда кол салгандар Ооганстандын чек арасынан өтүп келгенин билдиришкен.

Аймактагы уйгур согушкерлеринин саны да белгисиз. Алар аз деп болжолдонгону менен уйгур диаспорасы жана Шинжаң менен кандай байланышы бардыгы да беймаалым.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягында "Талибан" кыймылы этностук уйгурлардан чыккан согушкерлерди Бадахшандан Ооганстандын башка аймактарына которгон.

Ошентип, кол салган согушкерлер Түркстан Ислам партиясынын мүчөлөрү деп болжолдонгон. Бул экстремисттик топту Бээжин Шинжаңдагы башаламандыктар үчүн айыптап, "Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" деп атайт. Көптөгөн эксперттердин баамында, аталган кыймылдын тарап кеткенине көп болду, бирок Бээжин өзүнүн саясий максаттары үчүн аталышы эле калган эски согушкер топтун таасири тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап турат.

Жакында кытай жумушчуларына кол салуудан кийин, "Талибандын" тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Тажикстан менен чек арасында коопсуздукту күчөтүү, биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана кандайдыр бир координациялоону баштоого убада берген.

Бул окуялар Бээжинди Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагынан жумушчуларын чакыртып алууга мажбур кылды.

«Кытай үчүн ставка күчөйт, бирок анын күчү жок», - деп сөзүн аяктады Мехсуд.