Украинанын Коопсуздук кызматы жылуулук сезону башталгандан бери Орусия энергетикалык жайларга 256 сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, былтыркы октябрдан бери 11 ГЭС жана 45 ири ЖЭБ, 49 жылуулук станциялары, 151 электрподстанция бутага алынган. Мекеме бул Кремлдин украин элин кырууга багытталган туруктуу саясаты экенин далилдейт жана андай аракеттерде адамзатка каршы кылмыштардын белгилери бар деп эсептейт.
Эң көп Киев шаары жана облусу, Харьков, Одесса, Днепропетровск, Сумы, Николаев жана Чернигов аймактарындагы жылуулук жана электр станциялары аткыланган.
Коопсуздук кызматы мунун айынан миллиондогон жайкын тургун кычыраган суукта жылуулуук, электр жарыгы жок калганын белгиледи.
Жыл башынан бери эң кубаттуу чабуулга Киев кабылганын жергиликтүү медиа жана бийлик өкүлдөрү кабарлашууда.
9-январда башкалаа жапырт соккуга туш болгондо энергетикалык инфраструктура катуу жабыркаган. Шаардын жарымынын көбү караңгыга баткан.
Мэр Виталий Кличко энергетикадагы мындай оор абал согуш башталгандан бери түзүлө электигин бейшембиде айтты.
Президент Владимир Зеленский алдыңкы күнү Киевдеги абалды координациялоо үчүн штаб түзүлгөнүн, өлкөнүн энергетикасында чукул кырдаал киргизилерин билдирген. Буга чейин президент Орусия карапайым элдин жашоосун ого бетер оорлоштуруу үчүн катуу суукту күткөнүн сындаган.
9-январда украин премьер-министри Юлия Свириденко бир жумада электр станцияларга жана башка маанилүү инфраструктурага 44 сокку урулганын билдирген.
Шейшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги кошуна өлкөсүнүн 157 жериндеги энергетика жана транспорт тармактарына, аскердик аэропортторго жана дрон чыгарган заводдорго сокку урулганын маалымдаган.
Орусиянын украин энергетикасына чабуулдарын күчөткөнүн БУУ да сындаган.