АКШда кыргыз элчиси визалык жаңы чектөөлөр боюнча сүйлөшүү өткөрдү

АКШ менен Кыргызстандын туулары.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен жолугуп, виза маселесин талкуулады.

Анда Жон Марк Поммершайм АКШ 75 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотконун айткан. Бул иммиграциялык виза категорияларына гана тиешелүү жана туристтик, ишкердик, студенттик жана башка кыска мөөнөттүү визаларга таасир этпейт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул чектөө 21-январдө күчүнө кирерин жана ал АКШ иммиграциялык визаларды берүү тартибин кайра карап чыгуу аяктаганга чейин күчүндө болорун билдирди. ТИМ буга чейин берилген визалар жана учурдагы иммиграциялык документтер күчүндө каларын эскертти.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алганы 14-январда белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.

6-январда эле АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт. Бул эреже да 21-январда күчүнө кирет.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу төртүнчү жыл катары менен узартылдыHRW казак бийлигин Кытайга каршы акцияга чыккандарды сот жообуна тартпоого үндөдүИран нааразылык акцияларына катышкан Эрфан Солтани дарга асылбайт деп билдирдиИран аба мейкиндигин жапты, абадан коргонуу күчтөрүн даярдыкка келтирдиАйдоочулук күбөлүк алам дегендер эми 10-12 ай окуйтЖКда манжа изи менен добуш берүү талабын киргизүү бир жылга жылдыӨкмөт былтыр электр энергиясы 900 млн кВт саатка көп колдонулганын билдирди