Бишкекте тез татым жайынан шаурма жеген 23 адам ууланды

Адамдар ууланган тез татым жайы.

Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылгандар 23 адамга жетти. Алардын ичинен бешөө балдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” 16-январда Республикалык инфекциялык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, 23 кишинин 18и Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылып, калган бешөө үйдөн дарыланууга жиберилди. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти массалык уулануу адамдар 15-январда “Даамдуудан” шаурма жегенден кийин болгонун билдирди.

Тез татым жайы убактылуу жабылып, 41 миң сом айып салынды. (BTo)

Дагы караңыз

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы абалды чукул жыйында талкуулайтHRW казак бийлигин Кытайга каршы акцияга чыккандарды сот жообуна тартпоого үндөдүАКШда кыргыз элчиси визалык жаңы чектөөлөр боюнча сүйлөшүү өткөрдүБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу төртүнчү жыл катары менен узартылдыЕБдин санкция тизмесине орусиялык белгилүү теле алып баруучулар, артисттер киргизилет